ӨЗГӨЧӨ МАКАМ: ЖОЖДОР ТРАНСФОРМАЦИЯСЫ

  • 07.03.2024
  • 0

Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында коюлган максаттарга жетүү үчүн жогорку окуу жайлардын баары  трансформацияланып, 4.0 индустриясына жарай турган ЖОЖдор түзүлөт. Бул тууралуу КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Билим берүү жана илим министрлигинин жылдык отчеттук коллегиясында билдирди.   

  • Бул максатка жетүү үчүн өлкөдөгү беш мамлекеттик окуу жайга өзгөчө макам бердик. Бүгүн КУУда, кечээ жакында ОшМУ менен КМТУда жасалып жаткан иштер менен таанышып келдик. Алардын жасап жаткан ишин көргөндөн кийин биз туура багытта баратканыбызга дагы бир жолу ынандык. Коюлган максатка жетээрибизге көзүбүз жетти. Биз мындан ары да бул окуу жайларды колдойбуз. Башка өзгөчө макам алабыз, биз да иштейбиз, өнүгүп кете алабыз деген окуу жайларга да мүмкүнчүлүк беребиз, — дейт А.Жапаров.

Акылбек Үсөнбекович университеттерде ишке ашырылып жаткан стартаптар да колдоого алына турганын, аларга окуу жай канча акча бөлсө, мамлекет да ошончо каражат бөлүп берүүгө даяр экенин баса белгилеп, мисалы, бир окуу жай 10 млн сом бөлсө, мамлекет да ошончо берип турат. Биз мыкты идеялардын баарын алдыга алып чыгып кетишибиз керек деди.

Бөлүшүү

Комментарийлер