ЖОЖдор КЕРЕКТҮҮ КЕСИПТЕРДИ ДАЯРДАШЫ КЕРЕК

  • 27.02.2023
  • 0

ЖОЖдор КЕРЕКТҮҮ КЕСИПТЕРДИ ДАЯРДАШЫ КЕРЕК

“Биздин жогорку окуу жайлар 2030-40-жылда зарыл боло турган эң маанилүү топ он кесиптин бир-экөөнү гана даярдайт экен”, — деген билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ЖОЖдордун ректорлоруна келечекте керек боло турган кесиптерди даярдоо тапшырмасын берди.

«Бизде энергетика тармагында жакшы иштер жасала баштады. Быйыл 100 чакан ГЭС  курулуп жатат. Бирок тилекке каршы, Кыргызстанда, чакан ГЭСти долбоорлой турган адис жок экен. Ушунча жылдан бери  бул багытта бир дагы адис даярдабаптырбыз. Армиян жигит келип ар бирин 100 миң доллардан жасап жатат. Ар биринен 100 миң доллардан алганда эле акчанын баары Арменияга кетет. Ошондуктан бардык окуу жайлар артыкчылыктуу тармактарды тандап алып, бизде жок жана келечекте керек боло турган кесиптер боюнча адистерди даярдашыңар керек. Виртуалдуу реалдуулуктун дизайнери деген адистик бир да ЖОЖдо даярдалбайт экен. Отуз жылдан кийин кантебиз? Кайра эле Казакстандан, Россиядан чакыртабызбы? Андан сырткары нейропсихолог, иштеп чыгуучу программист, гиперкоопсуздук боюнча адис деген сыяктуу кесиптерди даярдоо зарыл. Азыр биоинженерия боюнча билим алган киши, он жылдан кийин миллионер болот», — дейт министр.

Ч.Кийизбаева, “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер