ЖОЖДОР ДИСТАНТТЫК  БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТӨ БАШТАДЫ 

  • 19.03.2020
  • 0

Коронавируска байланыштуу үч апталык каникулга тараган жогорку окуу жайлардын көбү дистанттык режимде билим берүүгө өтүп жатат.

 

КМТУ

ЖОЖДОР ДИСТАНТТЫК  БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТӨ БАШТАДЫ 

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде түзүлгөн штаб он-лайн билим берүүнү уюштуруу үчүн семинар, тренингдерди өткөрүп, окуу кааналарда, жатаканаларда, коомдук жайларда санитардык тазалоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

— Окуу иштери боюнча проректор профессордук-окутуучулук курамга аралыктан окууну уюштуруу боюнча семинарларды өткөрүп жатат. Бул семинар боюнча он-лайн окуу порталы  да түзүлдү. Азыр ар бир окутуучу АVN аркылуу күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдө билим алган студенттер менен  байланышып, окуу процессин жүргүзө башташты, — дейт университеттин маалымат катчысы Айнура Чойтонбаева.

 

ошму

ЖОЖДОР ДИСТАНТТЫК  БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТӨ БАШТАДЫ 

Ош мамлекеттик университетинде дагы күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдө окуган студенттер үчүн окуу процессинин лекциялык жана теориялык сабактары окутуунун дистанттык технологияларын колдонуу (avn.oshsu.kg “Билим берүү порталы”, KelBil тиркемеси ж.б.) менен жүргүзүлө баштады. Биринчи кезекте академиялык тайпалардын семестрдик пландарында дистанттык окутуу технологияларын колдонуу менен уюштурулаган лекциялык жана теориялык сабактардын сааттары көбөйтүлүп, сабактардын практикалык, семинардык, лабораториялык ж.б. түрлөрүнүн сааттарын каникулдан кийинки убактарга жылдыруу менен окуу процесси уюштурулууда. Буга чейин окутуучулардын окуу-усулдук иштери, лекциялык жана теориялык сабактардын окуу материалдары окутуунун дистанттык технологияларын колдонуу менен avn.oshsu.kg, “Билим берүү порталы”, KelBil тиркемеси ж.б. каражаттарына жүктөлгөн.

ЖОЖДОР ДИСТАНТТЫК  БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТӨ БАШТАДЫ 

Биринчилерден болуп окутуучуларга жана студенттерге  электрондук жадыбалдар түзүлүп KelBil тиркемеси аркылуу жөнөтүлүп жатат. Студенттер электрондук  жадыбал аркылуу avn.oshsu.kg дарегине “Билим берүү порталына” логин, сыр сөзү аркылуу кирип, жадыбал аркылуу лекциялар  менен таанышып, түшүнбөгөн суроолор болсо чат технологиянын жардамында кайрылып, кайтарым байланыш жүрүп жатат. Ошондой эле Whats app, Instagram, Facebook социалдык тармактары жана MOODLE, Zoom, Google Classroom программалары боюнча байланыштар түзүлдү.

— 17-мартта математика жана информациялык технологиялар  факультетинде дистанттык окуу боюнча ИТАС кафедрасынын башчысы У.Молдояров жана информатика кафедрасынын доценти У.Эркебаев окутуучуларга MOODLE жана Zoom программалары боюнча семинар өтүп беришти. Азыр окутуучулар Zoom программасынан өздүк кабинеттеринин коддорун алышты.   Ушул программалар боюнча окутуучулар студенттер менен байланышып жатышат, — дейт окуу жайдын маалымат катчысы.

ЖОЖДОР ДИСТАНТТЫК  БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТӨ БАШТАДЫ 

Учурда декандар, дирекциялар жана кафедра башчылары студенттер менен байланышты күчөтүшүп, ички жана тышкы мобилдүүлүк боюнча келген же кеткен студенттер менен байланышып, тиешелүү иш-чараларды аткарышууда.

Университеттин сырттан жана дистанттык билим берүү бөлүмү жыл сайын окуу жайдын “Үмүт” телестудиясы тарабынан  видео сабактарды тартып, эң мыкты делген сабактар ОшГУ дистант YouTube каналына жүктөлүп келет. Бул каналда видео сабактар ачык түрдө сакталгандыктан бардык колдонуучулардын пайдалануусуна ыңгайлашкан. Учурда тиешелүү адистиктер боюнча ушул каналдан студенттерге шилтемелерди жөнөтүп жатышат.

Студенттердин сабактарга өз алдынча даярдануусуна шарт түзүү үчүн электрондук китепканасы ачык колдонууга берилди. Эми каалоочулар эч кандай логин, паролу жок эле каалашынча пайдала берсе болот. Ал жакка он миөден ашуун китеп киргизилген.

 

Өзгөн технологиялык институту

ЖОЖДОР ДИСТАНТТЫК  БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТӨ БАШТАДЫ 

Ош технологиялык университетинин Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту дагы ушундай жол менен билим берүү жараянын үзгүлтүккө учуратпаганга аракет кылууда. Аларда дагы AVN маалымат системасына мурда эле  бардык предметтер боюнча окуу-усулдук комплекстердин электрондук варианты жүктөлүп бүткөн. Эми ар бир тайпада WhatsApp боюнча группалар түзүлүп, айрым дисциплиналар боюнча Google Класстын Classroom тиркемеси менен студенттерге билим бериле баштады. Сабактардын тартиби кадимки бекитилген жадыбал боюнча аралыктан жүрүп жатат.

 

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер