ЖОЖдон МЕКТЕПТЕРГЕ МЕТОДИКАЛЫК ЖАРДАМ

  • 26.10.2022
  • 0

ЖОЖдон МЕКТЕПТЕРГЕ МЕТОДИКАЛЫК ЖАРДАМ

25-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия факультетинде Бишкек шаарынын №88 орто мектебинин биолог мугалимдерине, 7-класстын жана 11-класстын окуучуларына предметтик илимий-методикалык жардам көрсөтүү максатында ачык сабактар уюштурулду.

ЖОЖдон МЕКТЕПТЕРГЕ МЕТОДИКАЛЫК ЖАРДАМ7-класстын окуучуларына “Лабораториялык шартта өстүрүлгөн бир клеткалуулардын түрлөрү менен тааныштыруу” деген темада ачык сабак өтүлүп, лабораториялык иш аткарышты. Окутуучу убактылуу микропрепараттарды жасоонун ыкмаларын түшүндүрүп, лабораториялык шартта өстүрүлгөн бир клеткалуулардан микропрепарат даярдап, жарык микроскобунан көрсөтүп берди.

ЖОЖдон МЕКТЕПТЕРГЕ МЕТОДИКАЛЫК ЖАРДАМ11-класстарга төмөнкү темалар боюнча сабактар өтүлдү: “Кариологиялык талдоо жүргүзүү методдору жана хромосомдордун түзүлүшүн талдоо”, “Биологияны окутуу процессинде мотивациялык чөйрө түзүүнүн каражаттары”, “Биохимиялык анализатордо заттардын концентрациясын аныктоо” жана “Мектепте биологияны окутууда IT-технологияларын колдонуу”. Ачык сабактарда теориялык маалыматтар менен катар практикалык иштер көрсөтүлүп, хромосомдук препараттарды даярдоо жана  микроскопто талдоо, биохимиялык анализаторду колдонуп заттарды аныктоо методдору көрсөтүлдү.

ЖОЖдон МЕКТЕПТЕРГЕ МЕТОДИКАЛЫК ЖАРДАМАчык сабак-семинарга КМУнун ректору, ф.и.к., проф.м.а. Айгүл Абдраева, факультеттин деканы, п.и.д.,проф. Маматкан Чоров,  педпрактика боюнча жетекчи Нурпаис Баястанов, факультеттин кафедра башчылары, окутуучулары катышты.

Сабактар жандуу өтүп, мектеп мугалимдери, окуучулары ар кыл суроолорго жооп алышты. Темалардын өздөштүрүлгөнү IT-технологияларын колдонуу менен бааланды. Мындай иш чараларды дагы башка биологиялык предметтер боюнча уюштуруу жана өз ара алаканы күчөтүү иштери макулдашылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер