ЖОЖ: Ош мэри илимий долбоорду колдойт

  • 08.09.2025
  • 0

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине (КӨЭАУ) иш сапар менен барып, университеттин окумуштуулары иштеп чыккан инновациялык долбоорлор менен таанышты.

ЖОЖ: Ош мэри илимий долбоорду колдойт

Иш сапардын алкагында шаар башчысы күн нурунан электр энергиясын өндүрүү технологиясы менен таанышты. Техника илимдеринин кандидаты, Механика, энергетика жана дизайн кафедрасынын доценти Өскөнбай Дилишатовдун айтымында, аталган технология шаар турмушун жеңилдетип, альтернативдик энергияны колдонууга кеңири жол ачат.

  • Кыргызстан күнөстүү өлкө катары күн электр станцияларын курууга абдан ыңгайлуу. Айрыкча, Түштүк аймактарда күндүн активдүү тийиши байкалат. Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясын кесип өткөн үч негизги көпүрөнүн жарыктандыруу системасын күн панелдери аркылуу камсыздоо долбоорун мэрия ишке ашырууну пландап жатканы кубандырат, – деди Ө.Дилишатов.

ЖОЖ: Ош мэри илимий долбоорду колдойт

Мындан сырткары, мэрге КӨЭАУнун «Альтерэнерго» илим изилдөө борбору тарабынан сунушталган «Сулайман-Тоо Лаванда Багы» долбоору тааныштырылды. Борбордун башчысы, техника илимдеринин кандидаты Зулайка Эрмекова долбоор ишке ашса, бир гектар аянтка лаванда гүлүн эгип, туризмди өнүктүрүүгө, экологиялык абалды жакшыртууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Ошондой эле лавандадан табигый эфир майларын жана сувенир продукцияларын өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев университет окумуштууларынын демилгелерин жогору баалап, мэрия тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер