ЖОЖ: КАБЫЛ АЛУУНУН 4-ТУРУ БАШТАЛДЫ

  • 03.08.2026
  • 0

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында абитуриенттерди кабыл алуунун төртүнчү туру старт алды.

ЖОЖ: КАБЫЛ АЛУУНУН 4-ТУРУ БАШТАЛДЫ

«Абитуриент online» автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматына ылайык, каттоо 5-август саат 14:00гө чейин уланат.

Буга чейинки үч турдун жыйынтыгында 70,5 миң электрондук талон катталган. Анын ичинен 24,4 миңи бюджеттик орундарга, ал эми 46,1 миңи контракттык негизде берилген.

Быйыл абитуриенттер эң көп педагогикалык жана гуманитардык адистиктерди, экономика жана финансы, медицина, маалыматтык технологиялар жана юриспруденция багыттарын тандашкан.

Билим берүү тармагындагы кабыл алуу өнөктүгү жалпысынан 5 турда өтөт. Быйыл абитуриенттер үчүн 10 миңге жакын гранттык орун каралган.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер