ЭКОНОМИКА, ЮРИСПРУДЕНЦИЯ, МЕНЕДЖМЕНТ: БУЛ АДИСТИКТЕРГЕ СЫРТТАН ОКУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ
- 01.07.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы №83 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, ошондой эле абитуриенттердин сырттан окуу формасына жапырт тапшыруусуна байланышкан коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025–2026-окуу жылында бир катар билим берүү программалары боюнча студенттерди сырттан окууга кабыл алууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын айрым багыттары: юриспруденция, экономика, менеджмент боюнча жогорку билим берүүдө сырттан окууга убактылуу мораторий киргизилди.
Аталган токтом бардык менчик түрүнө жана макамына карабастан бардык билим берүү уюмдарына тиешелүү болуп, бакалавриат жана магистратура деңгээлин камтыйт.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 52 жогорку окуу жай бул багыттар боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алган.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер