ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА МЕКТЕП КӨЙГӨЙЛӨРҮ

  • 04.02.2019
  • 0

Бейшембиде ЖК депутаттары «Ар кыл маселелер» саатында билим берүү жайларындагы чечилбей келе жаткан маселелерди карады.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА МЕКТЕП КӨЙГӨЙЛӨРҮ

ЖК депутаты Максат Сабиров Сокулук районундагы Асылбаш айылынын Биримкулов мектебинин жылытуучу батареялары жарылып, окутуу үзгүлтүккө учураганын кабарлап, аткаруу бийлигин мектепте түзүлгөн кырдаалга көӊүл буруп коюуну өтүндү.

ЖК маалымат кызматы билдиргендей, аталган саатта депутаттар 5-6-класстын окуучуларына айрым сабактар боюнча китептер тартыш болуп жаткандыгын, ал эми Аламүдүн районундагы Мыкан айылынын жогорку класстарынын окуучулары коӊшу ГЭС-3 чөлкөмүндөгү мектепке барып келип окуп жатышкандыктарына токтолушту.

Мектеп имаратынын тартыштыгы Ысык-Көл районундагы Григорьевка айылында, Ноокен районундагы Кара-Булак айылында да курч бойдон калууда.

Депутат Уланбек Примов Алай районунун Жаӊы-Алай айылындагы мектепте окуучулардын көмүрдүн исине ууланган окуяга токтолду. Ал технологиянын кылымында мектептер көмүр менен жылытылып жаткандыгын айтып, маселени комплекстүү чечүү зарылдыгын белгиледи.

Айнагүл Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер