ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ «ТАЗА ШААР» СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 19.06.2026
  • 0

18-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Бишкектеги мектептер арасында өткөн «Таза шаар» экологиялык сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктады.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ «ТАЗА ШААР» СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Сынактын жыйынтыгында өзгөчө активдүүлүк көрсөткөн билим берүү мекемелери аныкталды:

  • 1-орун: 8 тоннадан ашык пластик чогулткан №117 мектепке буюрду. Аларга «Кыргызстан Кызыл Жарым Ай» коомунун атынан жаңы футбол аянтчасын курууга сертификат берилди.
  • 2-орун: 7,7 тонна пластик чогулткан №68 мектепке тийди. Бул окуу жайга воркаут (спорттук) аянтчасын курууга спикер өзү сертификат тапшырды.
  • 3-орун: №49 мектепке Мамлекеттик спорт агенттиги тарабынан эки теннис столу белекке берилди.

Мындан сырткары, парламент депутаттары Болот Ибрагимов, Токтобүбү Ашымбаева, Улан Сариев, Эльвира Сурабалдиева, Умбеталы Кыдыралиев жана Жумабек Салымбековдордун демөөрчүлүгү менен дагы 6 мектепке кызыктыруучу сыйлык катары теннис столдору ыйгарылды. Төрага сынакка катышкан жалпы 125 мектептин ар бирине спорттук инвентарлар бөлүнөрүн сүйүнчүлөдү.

Марлен Маматалиев өз сөзүндө буларды белгиледи: «Бул жарыш Жогорку Кеңештин демилгеси менен ушул жылдын 1-мартынан 1-майына чейин созулду. Окуучулардын аракеттерин баарыбыз сыймыктануу менен көрдүк. Бүгүнкү иш-чара жөн гана жыйынтык чыгаруу эмес, бул – жаш муундун мекенчилдигин, экологияга болгон аяр мамилесин көрсөткөн чоң кадам». Спикер окуучуларга, ата-энелерге жана мугалимдер жамаатына терең ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, балдар шаарды тазалоо менен гана чектелбестен, өздөрү экологиялык акцияларды уюштуруп, жашылдандыруу долбоорлорун иштеп чыгышкан. «Бул жаштарыбыздын өлкө келечегине кайдыгер карабаганынын айкын далили», — деп кошумчалады ал.

Эске салсак, бул масштабдуу долбоор Жогорку Кеңеш, Бишкек мэриясы, Мамлекеттик спорт агенттиги, «Тазалык» ишканасы жана «Кызыл Жарым Ай» коомунун биргелешкен демилгеси менен ишке ашты.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер