ЖОГОРКУ БИЛИМ: ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ОКУУ ШАРТТАРЫ, КВОТА, СТИПЕНДИЯ

  • 13.12.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн адистери Фейсбук баракча аркылуу түз эфир уюштуруп, чет мамлекетте билим алуу, стипендиялар, эл аралык алмашуу программалар, чет өлкөлүк грант, квоталар жана учурдун актуалдуу программалары туурасында маалымат берди.

 

ЖОГОРКУ БИЛИМ: ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ОКУУ ШАРТТАРЫ, КВОТА, СТИПЕНДИЯ

 

Билим берүү жана илим министрлиги макулдашуусунун негизинде бүгүнкү күнү  Венгрия жана Кытайга документтерди кабыл алуу жүрүүдө.

Келерки 2023-2024-окуу жылына Венгрия тараптан 200 бюджеттик орун бөлүнүп берилди. Анын ичинен 100 орун бакалавр программасына, 50 орун магистратура программасына, 30 орун бир деңгээлдик магистратурага, ошондой эле докторантура программасына 20 орун бөлүнүп берилди.  Венгрияга окууга документерди кабыл алуу 15-декабрга чейин жүргүзүлөт. Баса белгилөөчү жагдай- документтерди эки жерге бирдей, тактап айтканда, Венгр тарапка да, Кыргызстанга да тапшыруу керек. Бир гана тарапка тапшырылган документ кароого алынбайт. Венгрияда окуу акысыз.  Окууга өткөн балдарга суммасы 120еврого барарар болгон (бул 43700 форинт) стипендия төлөнүп берилет. Ошондой эле жогорку окуу жайларга өткөн жарандарга турак-жайды ижарага алууга көмөк көрсөтүүгө 40миң форинт төлөнөт, медициналык жактан камсыздандырылат.

Венгрия тарабына сунушталган талапкерлердин алдын ала тизмеги берилет.   Маселен, венгр тарабы эки жүз орун бөлүп берип жаткан болсо, үч жүз баланын тизмеси берилет да, алардын  арасынан тандоо жүргүзөт.  Акыркы чечимди “Темпус” коомдук фонду тарабынан мектепте окуган баасын жүз баллдык системага алып келип эсептелинип,   IELTS TOEFLE сертификаттарынын  бааларын, улуттук  тестирлөө борборундагы тестирлөөнүн жыйынтыгынын суммасы алынып,  ранжерлөө түрдө тизме   чыгарылат.  Адамдык фактор жок  болгондуктан, TOEFLE  жыйынтыктарына эч ким кийлигише албайт.

Ал эми  Кытай жогорку окуу жайларына кыргыз жарандарынын документтери кабыл алуу  боюнча жарыя  10-ноябрда билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында берилген.  2023-2024-жылга бакалавриат, магистратура, доктарантура жана тил такшалмасы боюнча 23  өкмөттүк стипендия бөлүнүп берилди. Башкысы-окуй турган  багытты талапкерлер өзү тандайт.  Документтерди кабыл алуу 15-январга чейин кабыл алынат. Билими тууралуу документтерден тышкары, кытай тилин билгендигин тастыктаган сертификаттын болуусу Кытай тараптын башкы талаптардын бири.  Талапкерлердин документтери толук түрдө талаптарга туура келсе Кытай тарапка жөнөтүлөт. Акыркы чечимди Кытай тарап  маектешүү өткөргөндөн кийин кабыл алат. Кабыл алынган талапкерлер окуу акысынан толугу менен бошотулат.  Стипендия төлөнөт, медициналык жактан камсыздандырылат  жана жатакана берилет. Бир гана авиабилетке кеткен чыгымдарды талапкерлер өздөрү көтөрөт.

Ошондой эле, Россия Федерациясы да жети жүз бюджеттик орун бөлүп  берүүдө. Бирок системадагы техникалык жагдайларга  байланыштуу система декабрдын аягында же январда ишке кирери тууралуу  Росскызматтан кабарланды. Маалымат келип түшөрү менен  билим берүү министрлигинин расмий сайтына жүктөлөт.  “Туркия бурслары” деген Туркия Республикасынын стипендиясы тууралуу маалымат дипломатиялык каналдар аркылуу келип түшкөндө билим берүү министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат. Россия менен Түркия документтерди  өздөрү кабыл алат.

Ошондой эле “Эл үмүтү” Президенттик стипендиясы 16 жаранга тапшырылып, анын ичинен тогуз адам  дүйнөгө белгилүү окуу жайларда окууга мүмкүнчүлүк алды..  Эки министрлик менен талапкердин ортосунда келишимге кол коюлуп, окуу акысы Президенттик фонддон төлөнүп берилди.

Конкурстук сыноолорго катышуу бекер жүргүзүлөт. Акыркы жылдары көптөгөн жарандардан  “акча төлөгөнбүз, бирок бизге туура эмес маалымат берип койгон” деп  агенттиктер аркылуу алданып калгандыгын айткандар көп катталып жаткандыктан, билим берүү жана илим министрлиги агенттиктерге кайрылбоого чакырат. Эгер сиздерге кимдир-бирөө жардам беребиз же кандайдыр-бир деңгээлде тесттерге таасир этебиз деген  болсо ишенбөөгө чакырат.

Айгерим Токтобаева «КУБИЛИМ» 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер