ЖК ТѲРАГАСЫ Д.ЖУМАБЕКОВ ОШ ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТТАРДАН КАБАР АЛДЫ

  • 26.12.2017
  • 0

23-декабрда Жогорку Кеӊеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош шаарындагы көзү азиздер жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген мектеп-интернатында билим алып жаткан балдардан кабар алды.

ЖК ТѲРАГАСЫ Д.ЖУМАБЕКОВ ОШ ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТТАРДАН КАБАР АЛДЫ

115 окуучу тарбияланган мектеп-интернатынын ички шарттары менен таанышкан Төрага Дастанбек Жумабеков жаӊы салынган ашканасын да көрүп чыкты. Андан соӊ окуучулар жана м угалимдер жамааты менен жолугуп, алардын сунуш-пикирин укту. Адистештирилген мектептин директору Айгүл Кудайкулова имараттын жылуулук системасы, окуу класстары, жатакана жана спорт залы оӊдоп-түзөөгө муктаж экенин маалымдап, буга жалпысынан 4 млн. сом сарпталарын билдирди. Ошондой эле тышкы спорт аянчасы менен мектеп-интернатынын тосмолору да жаӊыланышы керектиги айтылды.

Дастанбек Жумабеков окуу-билим келечекке шам-чырак болуп берерин белгилеп: «Жакшы окуп, татыктуу тарбия алууга аракет кылгыла. Анткени, алган билимиӊер аркылуу ийгилик жаратып, атактуулукту багындырасыӊар. Силерден мыкты инсандар чоӊоюп чыгат деген ишенимим чоӊ», — деди.  Андан тышкары, бардык айтылган сунуштарды тиешелүү мекемелерге жеткирерин билдирип, спорт аянтчасын бүткөрүп берүүнү убада кылды жана мектепке эки компьютер тапшырды. Балдардын «Балаты» майрамына да катышкан Төрага, аларга жаӊы жылдык белектерди берди.

ЖК ТѲРАГАСЫ Д.ЖУМАБЕКОВ ОШ ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТТАРДАН КАБАР АЛДЫ

Мындан соӊ Дастанбек Жумабеков Өзбекстандын каржылоосу менен курулуп жаткан Алишер Навои атындагы мектеп-гимназиясынын курулушу менен таанышты. Маалым болгондой, 630 окуучуга ылайыкташтырылып, курулушу кызуу жүрүп жаткан үч кабат мектеп имараты кийинки окуу жылы эшигин ачары күтүлүүдө.

Көп улуттуу Ош шаарында ушундай мектептин ачылышы жакшы саамалык экенин айткан Дастанбек Жумабеков: «Достуктун борбору болгон бул билим уясы элдин ынтымагын чыӊдап, туугандык мамилесин бекемдөөгө өбөлгө болот. Андыктан коӊшу өлкө 4 млн. АКШ долларын бөлүп, курулушу башталган мектеп-гимназиясынын имаратын сапаттуу бүткөрүү керек», — деди. Ошондой эле, жакында болгон Ташкенттеги иш сапарынын алкагында да бул мектеп тууралуу сөз болгонуна билдирди.

Белгилей кетсек, аталган билим берүү мекемесинин имараты 1936-жылы курулуп, 2008-жылы жер титирөөдөн  кийин колдонууга жараксыз болуп калган. Учурда мектептин окуучулары жакын жайгашкан №18 мектеп-гимназиясында 3 бөлүк менен окууга мажбур. Өткөн аптада Жогорку Кеӊештин тармактык комитеттери мектеп куруу тууралуу Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялап берген.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы        

Бөлүшүү

Комментарийлер