ЖЕЗКЕН АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕ БИР КЛАССТА ЭКИДЕН ОКУУЧУ ОКУЙТ
- 11.01.2018
- 0
Лейлек районунун Жезкен айылындагы мектепте айрым класстарда экиден гана окуучу билим алат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка караганда, мектепте жалпы 70 окуучу бар. Алардын ичинен экөө 10-класстын, экөө 11-класстын окуучулары. Айрым класстарда окуучулардын саны 14кө жетет.
Учурда имаратта болгону төрт класстык бөлмө бар. 7-8-9-класстын окуучулары сабакты бир класста өтүшөт. Алардын баарын бир эле мугалим окутат. Мисалы, алгач 7-класстан үй тапшырмасын сурап, андан кийин 8-класс, акырында 9-класстын окуучуларынын билимин текшерет. Муну менен бир мугалим бир эле саатта үч класстын окуучуларын окутат. Мектепте жалпысынан 10 мугалим эмгектенүүдө.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, бул мектеп өзбек тилдүү мектеп. Жезкен айылы район борборунан 30 чакырым алыста жайгашкан. Имарат 2001-жылы ашар жолу менен курулган болчу. Учурда мектептин имараты кооптуу абалга келип, элеттиктер бийликтен жаңы имарат куруп берүү маселесин чечүүнү суранууда.
Комментарийлер