ЖЕТИМИШ ЖАШТА ЖЕТИ КИТЕП

  • 04.04.2019
  • 0

Белгилүү илимпоз, агартуучу жана публицист, профессор Лайли Үкүбаеванын жаӊы китептеринин бет ачары 4-апрелде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде болду.  

ЖЕТИМИШ ЖАШТА ЖЕТИ КИТЕП

Иш-чарада Лайли Үкүбаеванын кийинки жылдары чыккан эмгектери: «Чыӊгыз Айтматов: эстетика и национальная основа», «Чыӊгыз Айтматов» (жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде кыскача очерки), «Кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн маселелери», «Художественное мастерство Чингиза Айтматова», «Жазгыч акындар жана Осмонаалы Сыдык уулу» аттуу илимий эмгектери, «Доорлор жаӊырганда» публицистикалык макалалар жыйнагы жана автор жөнүндө калемдештеринин пикирлери камтылган «Илимдеги сапар» аттуу китептери окурмандарга сунушталды.

ЖЕТИМИШ ЖАШТА ЖЕТИ КИТЕП

Салтанат Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чакан таанытуу видеосу менен башталды. Андан соң түркология бөлүмүнүн башчысы Бурул Сагынбаева Лайли Үкүбаеванын өмүр таржымалына арналган докладын окугандан кийин сөз Лайли Үкүбаевага берилип, ал өзүнүн жаңы  китептери менен тааныштырып, кыскача мазмунун айтып берди.

“Өмүрүмдүн бир тобун баштан өткөрүп коюптурмун. Кант жедимби, бал жедимби билбейм. Анан ойлоп отуруп ушул жашымда эл алдында отчет берип коюшум керек экен деп, бир чети оюн, бир чети тамаша кылып 70ке чыктым жети китеп даярдайм деп пландап койгом. Эми минтип 70 жашта жети китебим деп аталган китептерди жазып чыгардым”, — деп сөзүн өзүнүн жазган ыр саптары менен жыйынтыктады.

Андан соң Султан Раев, Абдылдажан Акматалиев, Роза Айтматова, КТМУнун ректору Сабахаттин Балжы жана башкалар сөз сүйлөп, чакан белектерин жана ыраазычылык дипломдорун ыйгарышса, Жазуучулар союзунун жетекчиси Нурлан Калыбеков Жазуучулар союзунун медалын тапшырды.

Автордун илимий эмгектери боюнча Кыргыз улуттук университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Курманбек Абакиров баяндама жасаса, публицистикасы боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин улук окутууучусу Бакыт Орунбеков чакан баяндама жасады.

Белгилей кетсек, профессор Лайли Үкүбаева 18 илимий, эки публицистикалык, бир көркөм китептин автору. Анын 300дөн ашык илимий-публицистикалык макалалары чет элдик жана республикалык мезгилдүү басма сөз беттеринде жарык көрүп, окурмандардын өзгөчө кызыгуусун жаратып келет.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер