ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНДАГЫ Б.ИСМАИЛОВ АТЫНДАГЫ ОРТО МЕКТЕПКЕ 5 ДААНА КОМПЬЮТЕР БЕРИЛДИ

  • 25.12.2023
  • 0

ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНДАГЫ Б.ИСМАИЛОВ АТЫНДАГЫ ОРТО МЕКТЕПКЕ 5 ДААНА КОМПЬЮТЕР БЕРИЛДИ

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылындагы Б.Исмаилов атындагы орто мектебинин директору Чыңгыз Туюкбай уулуна 5 даана персоналдык компьютер тапшырды.

Компьютерлер орто мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, оптималдуу шарт түзүп берүү максатында берилди.

Белгилей кетсек, Б.Исмаилов атындагы орто мектебинде ушул тапта 215 окуучу билим алып, 24 мугалим эмгектенет.

Бөлүшүү

Комментарийлер