ЖЕТЕКЧИЛЕР ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕР ҮЧҮН ОКУУЛАР УЮШТУРУЛАТ
- 11.02.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 17-февралдан тартып 12 жылдык билим берүүгө өтүү маселелери боюнча окууларды өткөрө баштайт.
Мындай окууларга менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн тиешелүү кызматкерлери тартылат. Белгиленген графикке ылайык жүргүзүлөт.
Окуулардан кийин ар бир мектеп ата-энелер чогулуштарын өткөрүп, билим берүүнүн улуттук системасын калыптандырууга багытталган олуттуу чечимдер жана жаңылануулар тууралуу маалымат берет. Зарылдыгына жараша алдыдагы өзгөрүүлөр тууралуу кошумча маалымат берилип турат.
Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,
«Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер