ЖЕНЕВАДА КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТҮШТҮК КОРЕЯНЫН МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУГУШТУ

  • 09.07.2026
  • 0

Женева шаарында Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна мүчө мамлекеттердин Ассамблеяларынын 68-сериясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Корея Республикасынын Интеллектуалдык менчик министри Ким Ён Сон менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.ЖЕНЕВАДА КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТҮШТҮК КОРЕЯНЫН МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУГУШТУЖолугушууда тараптар илим, инновациялар, интеллектуалдык менчик жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын коммерциялаштыруу багытындагы кыргыз-корей кызматташтыгын талкуулашты. Ошондой эле Кореянын Ойлоп табууларды илгерилетүү ассоциациясынын (KIPA) колдоосу менен ишке ашып жаткан биргелешкен долбоорлорго жогору баа берилди.

Сүйлөшүүдө университеттерде интеллектуалдык менчикти башкаруу, тармакты санариптик трансформациялоо, экспертиза жүргүзүүдө жасалма интеллектти колдонуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.ЖЕНЕВАДА КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТҮШТҮК КОРЕЯНЫН МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУГУШТУЖыйынтыгында тараптар жаңы биргелешкен долбоорлорго жол ача турган министрликтер ортосундагы ар тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюуга даяр экендиктерин ырасташты.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер