ИМБДУнун АССАМБЛЕЯСЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫН ПОЗИЦИЯСЫ СУНУШТАЛДЫ
- 09.07.2026
- 0
Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда Женева шаарында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ИМБДУ) мүчө мамлекеттеринин Ассамблеяларынын 68-сериядагы жыйындарынын ачылышында өлкө атынан билдирүү жасады.
Министр өз сөзүндө БУУга мүчө мамлекеттерге Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн эл аралык коопсуздукту чыңдоо принциптерине берилгендигин ырастады.
Ошондой эле ал өлкөдө илим, жогорку билим, инновациялар жана интеллектуалдык менчик тармактарын бириктирген жаңы министрликтин түзүлүшү билимге негизделген экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында бул багыттар экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги куралы катары аныкталган.
Иш-чаранын алкагында интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу, ЖОЖдордо башкаруу тутумун өркүндөтүү, патенттик аналитиканы өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча ИМБДУ менен кызматташтыкты тереңдетүү маселелери көтөрүлдү. Сөзүнүн соңунда Г. Исаматова ИМБДУнун Башкы директору Дарен Тангды кайрадан бул кызматка шайланышы менен куттуктап, өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызыкдарлыгын билдирди.
Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»


Комментарийлер