ЖЕЛЕКТИ ЖЕҢҮҮЧҮ КӨТӨРӨТ

  • 28.02.2022
  • 0

Кечээ Бишкектеги CAN CITI спорт клубунда өткөн республикалык мелдеште жаш балбандар күрөштүн жуи-житсу түрү боюнча күч сынашты.

Анда Чүй облусунун Кемин районунан келген “Орловка-Кристалл” клубунун жаш балбандары (машыктыруучусу Тилек Кийизбаев) өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүштү. Анын натыйжасында төрт байгелүү орунду ээлешти.

ЖЕЛЕКТИ ЖЕҢҮҮЧҮ КӨТӨРӨТ

 

— Спорт – ынтымактын данакери эмеспи, анын сыңарындай, дени сак улут күчтүү мамлекетти түзөт. Айрыкча жаштарыбыз саламат жашоо жарчысы болуп жатканы бизди айрыкча кубандырат. Менин бир жакшы санаалашым айткандай жеңиштин желегин спортсмендер көтөрөт эмеспи. “Сүрөөнчү кийик аттырат” демекчи, бул республикалык мелдеште балдарга колдоо көрсөткөн Орловка шаарынын мэри Бакыт Чанчаровго жана шаардык кеңештин депутаттарына терең ыраазычылык билдиребиз, — дейт Кемин ынтымагы  коомдук бирикмесинин төрагасы Алтынбек Кабаев.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер