ЖЕҢИШТИН СЫЙМЫКТУУ МҮНӨТТӨРҮ

  • 18.02.2018
  • 0

Нурмухамед Султанов КызылКыядагы Исхак Раззаков атындагы лицейдин бүтүрүүчү классында окуйт. Ал быйылкы «I love English – 2018» видеосынагында баарынан көп «лайктарды» топтоп, сынактын баш байгеси iPad 5 2017 менен сыйланды.

    ЖЕҢИШТИН СЫЙМЫКТУУ МҮНӨТТӨРҮ

Жеңүүчүгө сыйлыкты 2018-жылдын 14-февраль күнү,  Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасынын Америка борборунда болуп өткөн  видеосынактын сыйлык тапшыруу аземинде,  АКШ элчилигинин маданият жана билим берүү иштери боюнча кеңешчиси Кори Бикель айым өзү тапшырып, мындан ары да элчилик кыргыз жаштарынын англис тилин үйрөнүү таламдарын ар кандай багыттагы иш-чараларды уюштуруу аркылуу колдой берерин куттуктоо сөзүндө баса белгиледи.

Жеңүүчүгө сыйлыкты 2018-жылдын 14-февраль күнү,  Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасынын Америка борборунда болуп өткөн  видеосынактын сыйлык тапшыруу аземинде,  АКШ элчилигинин маданият жана билим берүү иштери боюнча кеңешчиси Кори Бикель айым өзү тапшырып, мындан ары да элчилик кыргыз жаштарынын англис тилин үйрөнүү таламдарын ар кандай багыттагы иш-чараларды уюштуруу аркылуу колдой берерин куттуктоо сөзүндө баса белгиледи.

Нурмухамеддин айтуусунда,  ал АКШ элчилигинин  каржылык колдоосунда «Лингва» англис тили мектеби уюштуруп жаткан мындай чыгармачыл сынакка экинчи жолу катышып жатат.

-«I love English» видеосынагы Кыргызстанда жаштар арасында өтө популярдуу болуп баратат. Менин да жеңүүчү болсом деген тилегим бар болчу.  Бирге окуган классташтарым, досторум менен чогуу талкуулап, Америкада билим алыш үчүн ар бир адам англис тилин жеткиликтүү билиш керектигин даңазалаган чакан видео ролик тарттык, -дейт келечекте чет мамлекетте билим алсам деген тилеги бар Нурмухамед.

Нурмухамедди жана сынактын башка номинанттарын азыркы ийгилиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова чын жүрөктөн куттуктады.

— Бүгүнкү сыйлык тапшыруу салтанаты Билим берүү жана илим министрлиги төртүнчү жолу колго алган англис тили жумалыгынын алкагында уюштурулду. Бул ушунусу менен маанилүү. Жылдан-жылга жаштар арасында англис тилин окуп-үйрөнсөм дегендердин саны көбөйүп жатат. Муну азыркы видеосынак дагы бир жолу далилдеди. Өлкөбүз англис тилин окуп-үйрөнүү боюнча Борбор Азияда эң алдынкы орунда турат. Бул багытта бизге көрсөтүп жаткан зор көмөгү үчүн Кыргызстандагы Америка элчилигине жана «Лингва» англис тили мектебине терең ыраазычылыгымды билдиргим келет, — деди министрликтин өкүлү.

Уюштуруучулардын бизге берген маалыматына караганда 2017-жылдын 12-декабрынан 2018-жылдын 23-январына чейин созулган быйылкы видеосынакка үч жүзгө жакын кыска тасмалар келип түшкөн жана алардын баары Фейсбуктагы атайын баракчага жайгаштырылып, коомчулуктун кароосуна коюлду. Видеосынактын жобосуна ылайык маалымат каражаттарынын жана Бишкектеги АКШ элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия төмөнкү үч категориядагы жеңүүчүлөрдү тандашты: «Эң күлкүлүү» — Шалкар Намыркожоев, Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиянын окуучусу, «Эң романтикалуу» — Шамиль Калматов, Бишкек шаарындагы №58 орто мектептин окуучусу, «Эң оригиналдуу» — Жавлонбек Латипов, Ош шаарындагы №50 Нышанов атындагы орто мектебинин окуучусу. Номинацияда айырмаланган жеңүүчүлөр  iPhone 7 менен сыйланышты.

Бул күнкү салтанатта сыйлык ээлеринин баары англис тилинде эркин сүйлөп, көпчүлүктү кубандырды.

— Сиздерге жеңишке кантип жеткенимди айтып берейин. Баарынан мурун мен ушул залда жеңүүчү болуп, сыйлык алып жатканымды дапдаана элестеттим. Кыялымдын орундалышына ушул жерде олтурушкан  досторум жардам беришти. Жакында дагы бир кыялым орундалды. АКШдагы колледждердин бирине окууга жолдомо алдым, — деди «I love English – 2018» видеосынагында «Эң күлкүлүү» номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылган Шалкар Намыркожоев.

Видеосынакта экинчи, үчүнчү орундарды ээлеген окуучулар да АКШ элчилигинин шыктандыруучу белектерине ээ болушту. Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган англис тили жумалыгынын алкагында өтүп жаткан бүгүнкү иш-чарада дагы бир чыгармачыл сынактын жыйынтыгы чыгып, англис тилинде мыкты план-конспект жазышкан үч мугалим: Айнура Турдалиева (Ак-Талаа району, Нарын облусу), Мира Молдокулова ( Талас шаары, Талас облусу) жана Жайнагүл Абдраева (Нарын шаары, Нарын облусу) 2017-жылдын 22-декабрынан 2018-жылдын 22-январына чейин өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү деп табылды. Жеңүүчү мугалимдерге да АКШ элчилигинин атынан баалуу белектер тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземин «Америка ырлары -2017» сынагынын жеңүүчүлөрү – Бишкек шаарындагы №70 гимназиянын окуучусу Аяна Болотбекова менен №3 орто мектебинин окуучусу Эльмир Мураталиевдин аткаруусундагы мукам ырлар шаңга бөлөсө, Бишкек шаарындагы ACCESS программасынын студенттери майрамдын шаңын арттырып, бийлеп беришти.

Ошентип, бул күнкү сыйлык тапшыруу аземи Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган англис тили жумалыгынын алкагында 12-февралдан 17-февралга чейин өтүүчү иш-чаралардын жыйынтыгы болду. Айта кетсек, аталган жумалыктын алкагында республикабыздын мектептеринде «Англис тили – эл аралык баарлашуу тили» аттуу темада Америка ыр сынактары, викториналар, дебаттар, дубал гезиттер конкурстары жана башка көптөгөн интерактивдүү иш-чаралар өткөрүлүп, аларды уюштурууга АКШ элчилигинин TEA жана FLEX алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү активдүү катышууда.

Баса, өлкө ичинде англис тилине болгон кызыгууну арттыруу боюнча иш-чараларды улантуу максатында АКШнын Кыргызстандагы элчилиги англис тили жумалыгынын алкагында англис тилин үйрөнүүчүлөр үчүн «Мен англис тилин сүйөм анткени…» деген темада мыкты дубал баракчалар сынагын жарыялады.

А.Алибеков, АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

Бөлүшүү

Комментарийлер