ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН СЫНАК: ЛИЦЕЙ ОКУУЧУЛАРЫ КҮЧ СЫНАШТЫ
- 29.04.2026
- 0
Бүгүн, 29- апрелде, Бишкектеги №5кесиптик лицейде Улуу ата мекендик согуштун 81 жана окуу жайдын 80 жылдык мааракесинин урматына арналган АЧД боюнча шаардык лицейлер аралык конкурс болуп өттү.

Конкурс төрт категория боюнча өтүп, анда сегиз команда — №5, №20, №91, №94, №100 лицейлердин жана “Звездочка” жеке менчик мектебинин окуучулары күч сынашты.
Алардын өнөрлөрүн генерал-полковник Чотбаев Абдыгул, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, полковник Владимир Славский жана полковник Абдыганы Мамановдор баалашты.

Республикалык илимий-методикалык борбордун директорунун орун басары Алымкан Саттарова өз сөзүндө биздин кесиптик билим берүү тармагы 2027-жылы 85 жылдыгын белгилерин баса белгиледи.
- 80 жыл айтууга оңой болгону менен өтө чоң убакыт. Анын ичинде көптөгөн ийгиликтер жаралып, миңдеген бүтүрүүчүлөр тарбияланып чыккан. Эң негизгиси, бул окуу жайдан чыккан кесипкөй адистер өлкөбүздө гана эмес, жакынкы коңшу мамлекеттерде дагы эмгектенип, экономикага өз салымын кошуп келет. Кесиптик билим берүү тармагында былтыр Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата дагы жакшы иш-чараларды өткөргөнбүз. Бүгүн ошол иштердин уландысы катары Бишкек шаарындагы кесиптик окуу жайлардын катышуусунда дагы бир жакшы иш-чара өтүп жатат. Өзүңүздөрдүн даярдыгыңарды мыкты деңгээлде көрсөттүңөр, суктандым, — деди ал.

№5 лицейдин директору Элеонора Ишекеева аскерге чейинки даярдык боюнча конкурс жаштардын күчүн, чыдамкайлыгын, тартибин жана мекенчилдигин сынай турган чоң аянтча экендигин айтып, бул жерде жөн гана мелдешпестен, биримдикти, достукту, жоопкерчиликти жана чыныгы жарандык сапаттарды көрсөтөрүн белгиледи.
- Кадырлуу мугалимдер, урматтуу жетекчилер жана кымбаттуу жаштар! Бүгүн биз өзгөчө маанилүү, тарыхый мааниге ээ иш-чарага чогулуп отурабыз. Бул конкурс лицейибиздин 80 жылдык мааракесине арналуу менен катар Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы менен утурлай өткөрүлүп жаткандыгы дагы терең мазмунга ээ. Улуу Жеңиш — бул жөн гана тарых барагы эмес. Бул эрдиктин, кайраттуулуктун, мекенге болгон чексиз сүйүүнүн символу. Биз бүгүн тынч жашап жаткан ар бир күнүбүз үчүн ошол каарман аталарыбызга милдеттүүбүз. Алардын эрдиги биз үчүн түбөлүк үлгү болуп калат.Урматтуу жаштар, сиздер Кыргызстандын келечегисиздер. Өлкөбүздүн эртеңки тагдыры сиздердин колуңуздарда. Мекенди сүйүү сөз менен гана эмес, иш менен далилденет. Бүгүнкү сынак ошол сүйүүңөрдү жана даярдыгыңарды көрсөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк. Лицейибиздин 80 жылдык тарыхы — билимдин, тарбиянын жана ийгиликтин көрсөткүчү. Ушул жылдар аралыгында канчалаган мыкты инсандар тарбияланып чыккан. Бүгүн силер ошол салтты улантып, лицейдин намысын коргоп жатасыңар, — деп айтты.

Жеңүүчүлөрүлөрдүн пикири
Сынактын жыйынтыгында,1-орунду №5лицейдин командасы жеңип алса, 2-орунга №94, 3-орунга №20 лицейи татыктуу болду.
“Аркан” тартыш конкурсунда: 1-орунду – №5, 2-орунду — №99, 3-орунду — №94 лицейи, “Эстафета” конкурсунда: 1-орунду – №20, 2-орунду — №100, 3-орунду — «Звёздочка» жеке менчик мектеби, “Жоокер” ыры конкурсунда: 1-орунду — №99, 2-орунду — №20, 3-орунду — №100 лицейи ээледи.

№5лицейдин командасынын командири былтыр бул иш-чарага көбүрөөк убакыт даярданып, бирок утулуп калганын, быйыл болсо бир айга жетпеген убакыт машыгып, ийгиликке жеткенин айтты.

Ал эми №94лицейдин командасынын командири конкурс адилеттүү өткөнүн, бул иш-чарага катышуунун өзү чөн кубаныч жана жеңиш экендигин билдирди.
- Жыйынтыктар ачык-айкын жана калыс чыкты деп ойлойбуз, анткени бардык командалар өз көрсөткүчтөрүнө жараша тиешелүү сыйлыктарын алышты. Ал тургай төмөн көрсөткүчкө ээ болгон командалар да көңүл сыртында калган жок. Чынын айтканда, биз даярдыкты үч күн гана көрдүк. Алгачкы күнү жамгыр жаап, даярдыгыбыз үзгүлтүккө учурады. Андан кийин мүмкүнчүлүк чыккан учурда тез арада ишти уланттык. Буга чейинки сынакта биз бешинчи орунду алганбыз. Бул иш-чарадан жакшы тажрыйба алып, кубанычта болуп жатабыз, — деди ал.

3-орундун ээси — №20лицейдин командасынын командири бир ай гана даярдангандыктан, айрым кемчиликтери өздөрүнө да байкалганын айтты.
- Чынын айтканда, башында байгелүү орун алабыз деген үмүт бар болчу. Бирок акыркы күндөрү тынчсыздануу да болду. Кечинде жатып, ийгилик тилеп дуба кылып жаттым. Жыйынтык чыкканда абдан өзгөчө сезимдер болду. Бул биз үчүн чоң тажрыйба болду. Кийинки конкурстарга дагы да мыкты даярдык менен келүүнү максат кылдык, — деди кубана.
Айгерим Кенжебекова, Аяна Саткынбекова, “Кут Билим” гезитинин практиканттары



























Комментарийлер