ЖАЙЫТ КОМИТЕТТЕРИ МЕКТЕПТЕРДИ ЖАБДЫКТАР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛЫШТЫ

  • 16.12.2020
  • 0

Мектептер жайыт комитеттери менен иш алып барышууда. Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Өмүрбеков Урматтын демилгеси менен райондун ичиндеги жайыттарды туура пайдалануу, жакшыртуу, мал багуу үчүн тоют базасын чыңдоо максатында көптөгөн долбоорлорду жазып, ишке ашырып келатат.

ЖАЙЫТ КОМИТЕТТЕРИ МЕКТЕПТЕРДИ ЖАБДЫКТАР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛЫШТЫ

Ак-Чий мектебинин директору Дайырбек Айдарбековдун берген маалыматына таянсак, БУУнун өнүктүрүү программасы, ПРООН, ЮНЕП, ГЭФ, Дүйнөлүк банк биргелешкен долбоордун негизинде «Жергиликтүү калктын ресурстары менен жайыттарды сактоо» темасындагы долбоор аркылуу Үсөн Бейшеев атындагы жана  Соң-Көл орто мектептеринин директорлору иш алып барышты.

— Бул долбоор аркылуу Үсөн Бейшеев жана Соң-Көл орто мектептери мультимедиа борбор ачып, компьютер, принтер, стол, стул ж.б. тиешелүү жабдыктар менен камсыз болушту.

ЖАЙЫТ КОМИТЕТТЕРИ МЕКТЕПТЕРДИ ЖАБДЫКТАР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛЫШТЫ

Бул долбоор менен иштеген мектептерге мультимедиа борборго тиешелүү жабдыктарды тапшырууга ПРООНдун долбоор боюнча координатору Нурлан Шаршенкулов, Кочкор районунун акими Темирболот Абыкеев, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору катышты. Ү.Бейшеев жана Соң-Көл мектептеринин ар бири жүз миң сомдон ашуун проекттин жабдыктары менен камсыз болушту, — дейт Д.Айдарбеков.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер