Жайыл районунун алдыңкы агартуу ишмерлери алтын саат, медаль, грамота менен сыйланды
- 27.10.2026
- 0
Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Джунушбаева Гулиза “Билим-Ордо” коомдук фондусунун алтын сааты менен сыйланды.
Ошондой эле фонддун ардак грамотасы Кара-Балта шаарынын “Нур-Бешик” бала бакчасынын тарбиячысы Татемирова Алымканга, Сосновкадагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстар мугалими Насирдинова Говарга тапшырылды.
Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Султанкулова Эльмира, Шопоков шаарындагы №9 мектептин директору Хан Людмила коомдук фонддун медалы менен сыйланды.
Сыйлыктарды бүгүн Кара-Балта шаарында өткөн директорлордун жыйынында «Билим-Ордо»коомдун фондусунун жетекчиси, «Мугалимдер конгрессинин» төрагасы Турдубаев Съездбек тапшырды.
К.А, «КБ»




