ЖАЙЫЛ РАЙОНУНДА » ЖЫЛ МУГАЛИМИ — 2024″ СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 26.04.2024
  • 0

ЖАЙЫЛ РАЙОНУНДА " ЖЫЛ МУГАЛИМИ - 2024" СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Чүй облусунун Жайыл районунда » Жыл мугалими — 2024″ сынагы жыйынтыкталды. Анда Сосновка орто мектебинин физика мугалими Мээрим Аманкулова жылдын мыкты мугалими аталды.

Кыргыз коомчулугунун педагогикалык тармагында адатка айланган «Жылдын мыкты мугалими’ сынагы жыл сайын  өтүлүп келет. Анда мугалимдер педагогикалык-методикалык чеберчилиги жаатында күч сынашат.

Бул багытта  өтүлгөн иш-чара жөнүндө райондук билим берүү б өлүмүнүн окуу-усулдук кабинетинин башчысы Үрүнпаша Асанбаева төмөндөгүлөргө токтолду.

«Райондук «Жыл мугалими — 2024» сынагы 3 турда  өтүлдү.  Сынакка 56 мугалим катышып, жалпы Жобонун негизинде 1-турда компьютердик эссе жана педагогикалык тестирлөөдөн   өтүштү.  Андан тиешелүү упай алган 12 катышуучу 2-турда мастер-класс көрсөтүп, 7 мугалим 3-турга жолдомо алышты.

Алар 3-турда педагогикалык стендап, катышуучунун хоббиси ж.б боюнча ат салышты. Соңунда калыстар тобунун чечими менен Сосновка орто мектебинин физика мугалими Мээрим Аманкулова баш байгени багындырып, райондон «Жылдын мыкты мугалими» аталды. Иш-чарага катышкан Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Жумадилде уулу Мурадил, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Төрөгелди Түркбаев, райондук билим берүү б өлүмүнүн башчысы Талант Арыков жана райондук мугалимдердин профсоюз комитетинин т өрайымы Рахат Бадачиевалар  сынактын катышуучуларын  ардак грамоталар, баалуу сыйлыктар менен сыйлашты.  Ал эми сынактын башка катышуучуларына предметтер боюнча «Мыкты мугалим» номинациялары  ыйгарылды» — деди окуу-усулдук кабинетинин башчысы.

Ибраим Чотов,  өз кабарчы, » Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер