ЖАШЫЛ МЕКТЕП, ЖАШЫЛ ШААР, ТАЗА АБА, БЕКЕМ ДЕН СООЛУК!
- 02.05.2021
- 0
1-майда Кара-Көл шаарында Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүү мектебинде 40 даана карагай көчөттөрү отургузулду.
Бак тигүү иш-чарасы БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо (ЮНЕП) программасынын негизиндеги жергиликтүү «Жашыл мектеп» долбоорунун алкагында ишке ашты.
Бүгүнкү иш-чарада шаардын мекеме жетекчилери жапа тырмак жардам иретинде көчөттөрдү өздөрү алып келишип, мектептин айланасын көрктөндүрүүгө өз салымдарын кошушту. Көпчүлүктүн колдоосу менен жалпысынан 40 ийне жалбырактуу көп жылдык карагай көчөттөрү мектептин айланасына тигилди.
«Эгер артыңда миң жылдык из калтыргың келсе, дарак өстүр» деген накыл сөз бекер айтылган эмес, буюрса муундан-муунга кала турган жакшы иштин башаты бүгүн жасалды.
А. Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер