ЖАШЫ ЖЕТЕЛЕК БЕШ ӨСПҮРҮМ ИШ ҮСТҮНДӨ КАРМАЛДЫ
- 24.02.2020
- 0
Баш калаабызда ишке тартылган жашы жетелек беш өспүрүм кармалган. Алар Бишкек шаардык мэрия кызматкерлери кайыр сураган, зордук-зомбулукка кабылган же иштөөгө мажбур болгон жашы жетелек өспүрүмдөрдү издеп табуу үчүн атайын уюштурган рейддин жүрүшүндө аныкталган.
Жаш курагы болжол менен 16-17 жаштагы ал өспүрүмдөр рейддин кызматкерлерине алардын иштөөсүнө ата-энелери макул болгондугун, алар эмгектин өтө оор формасына тартылбагандыгын айтышкан.
Атайын график боюнча байма-бай өткөрүп келген рейддердин жүрүшүндө борбор калаабыздагы райондордун жашы жетелек өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекция кызматкерлери социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, райондук прокуратуранын, мамлекеттик экотехинспекция жана МТУ кызматкерлери менен биргеликте, көчөлөрдү, базарларды, коомдук тамак-аш жайларын жана автоунаа жуучу жайларды кыдырышып, мындай жайларда жашы жете элек өспүрүмдөрдү иштетүүгө тыюу салынарын эске салып өтүштү.
Эске сала кетсек, КР Мыйзамына ылайык,18 жашка чыга элек улан-кыздардын (жай айларында 1-июндан 31-августка чейин, ал эми башка мезгилде 22:00дон 06:00го чейин) түнкү саат 23:00дон 06:00го чейин, ата-энелердин жана алардын ордуна жүргөн адамдардын коштоосу жок жүрүшүнө тыюу салынат.
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер