ЖАШТАРЫБЫЗ ТЕЛЕФОНГО ЭМЕС, СПОРТКО УМТУЛСУН!

  • 19.06.2026
  • 0

ЖАШТАРЫБЫЗ ТЕЛЕФОНГО ЭМЕС, СПОРТКО УМТУЛСУН!

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айылында эркин күрөш боюнча алгачкы ачык эл аралык турнир ийгиликтүү өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти  тарабынан 2021-жылдын 29-январында кабыл алынган №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык, ошондой эле жаштар арасында сергек жашоо образын калыптандыруу, спортту өнүктүрүү жана айыл жергесинде кылмыштуулуктун алдын алуу максатында 2026-жылдын 7-июнунда Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айылында эркин күрөш боюнча алгачкы ачык эл аралык турнир өткөрүлдү.

Аталган мелдешке коңшу Өзбекстан Республикасынан келген жаш балбандар, ошондой эле Жалал-Абад облусунун ар кайсы аймактарынан келген спортчулар жана килем ээси болгон Аксы районунун алты командасы катышып, күч сынашты.

Спорт -достуктун, ынтымактын жана биримдиктин символу. Мындай мелдештер жаштардын ден соолугун чыңдап гана тим болбостон, алардын мекенчилдик сезимин күчөтүп, өз ара сый-урматын бекемдеп, келечекте чоң ийгиликтерге жетишине өбөлгө түзөт.

Мелдештин жеңүүчүлөрү медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Ал эми келген коноктор жергиликтүү элдин меймандостугуна, Кашка-Суу айылынын кооз жаратылышына жана турнирдин жогорку деңгээлде уюштурулганына өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Падыша-Ата күрөш клубунун жеңүүчүлөрү жана байге ээлери төмөндогүлөр аталды:

Асанбаев Байназар — 22 кг салмакта I орун

Орозов Нурак — 25 кг салмакта III орун

 Асанбаев Абдулбасит — 30 кг салмакта II орун

Асанбаев Муслим — 32 кг салмакта I орун

Сатыбалдыев Алинур — 32 кг салмакта III орун

Бокоев Байэл -52 кг салмакта III орун

Муктарбеков Арслан — 52 кг салмакта III орун

Жолчуев Тургунбай — 57 кг салмакта I орун

Адылбеков Ариет — 57 кг салмакта III орун

Жыйынтыгында Падыша-Ата күрөш клубунун балбандары 3 алтын, 1 күмүш жана 5 коло медаль жеңип алышты. Бул жаш спортчулардын тынымсыз эмгегинин, ата-энелердин колдоосунун жана машыктыруучулардын үзүрлүү ишинин натыйжасы болуп саналат. Турнирдин ийгиликтүү өтүшүнө көмөк көрсөткөн ата-энелерге, демөөрчүлөргө, айыл тургундарына жана бардык уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз.

Мындай мелдештерди жыл сайын өткөрүү жакшы салтка айланып, жаш таланттарды колдоого, элибиздин маданиятын даңазалоого, жергебиздин туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана келечектеги чемпиондорду тарбиялоого чоң салым кошот деп ишенебиз. Ушундан улам мен жаштарга төмондөгүдөй кайрылуу жолдойт элем:

КАЙРЫЛУУ!

Бүгүнкү күндө жаштар арасында смартфонго, телефонго жана виртуалдык дүйнөгө болгон көз карандылык күчөп баратканы байкалууда. Социалдык тармактарга жана компьютердик оюндарга ашыкча берилип кетүү ден соолукка, билим алууга жана инсандык өнүгүүгө терс таасирин тийгизүүдө.

Ушул себептен улам бардык жаштарды спорт менен машыгууга, ден соолугун чыңдоого жана сергек жашоо образын карманууга чакырам. Спорт адамды тартипке, жоопкерчиликке, чыдамкайлыкка, эмгекчилдикке жана максатка жетүүгө үйрөтөт. Күрөш залында машыгып, тер төккөн ар бир бала өзүнүн келечегин куруп жатат.

Биздин максат – күчтүү гана эмес, билимдүү, тарбиялуу, мекенчил жана жоопкерчиликтүү жаш муунду тарбиялоо. Балдарыбыз убактысын телефон менен эмес, билимге, спортко жана пайдалуу иштерге жумшаса, өлкөбүздүн келечеги дагы да жаркын болот.

Жаштарыбыз телефонго эмес – спортко умтулсун!

Дени сак жашоо – ийгиликтүү келечектин негизи!

Спорт менен машыккан жаштар – мамлекеттин күчү жана келечеги!

Урматтоо менен,

Надырбек  АДЫЛБЕКОВ,

У.Турдубаев атындагы №26 орто мектебинин аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия мугалими, Падыша-Ата күрөш клубунун машыктыруучусу, Кашка-Суу айылы

Бөлүшүү

Комментарийлер