ЖАШТАРГА ПАЙДАЛУУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

  • 30.11.2017
  • 0

1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Ош технологиялык университетинде конференция  өткөрүлдү.

Конференцияга Ош шаардык тери венералогиялык  диспансеринин дарыгери Бекежан Мавлянов,   №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун адиси Замира Турсуналиева, ОшТУнун окутуучулары жана студенттери катышты. Дарыгерлер ВИЧ/СПИДди алдын алуу жана коомчулуктагы адеп-ахлактуулук маселелерин талкууга алышып, ВИЧ-СПИД маселесин чечүү боюнча пикир алмашып, студенттер өз сунуштарын айтышты. Жыйында ВИЧ-СПИД оорусуна чалдыгуу, сактануунун жолдору жөнүндө толук, так маалыматтар чагылдырылган видеороликтер коюлду. Бул иш-чаранын негизги максаты студенттерге ВИЧ/СПИД оорусу тууралуу туура жана так маалымат жеткирүү болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер