ЖАШ ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ УСУЛДУК ЖАРДАМ

  • 10.02.2023
  • 0

ЖАШ ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ УСУЛДУК ЖАРДАМ

Жаш журналисттерге усулдук жардам көрсөтө турган, алдыңкы тажрыйбаны үйрөтө турган окумдуу китеп өз учурунда жарык көрдү. Бул тууралуу тажрыйбалуу журналист, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбековдун “Советтик кыргыз журналистикасы күбөлөрдүн сөзү менен” аттуу китептин бетачарында айтылды.

Кийинки кездерде журналистиканын баркы төмөндөп, гезиттер жанрдык өзгөчөлүктөргө көңүл бурушпай, макалалар сапатсыз үстүртөдөн даярдалып, грамматикалык каталар арбын. Ушул кемтикти толтурууда белгилүү журналист Бакыт Орунбеков өзүнүн эмгеги аркылуу советтик кыргыз журналистикасынын ардагерлери менен маектешип, өткөндүн баалуу тажрыйбаларын колдонууга чакырып кеткендей туюлат. Китепте совет учурунда журналисттик кесиптин түйшүгүн тартып, бул тармакта узак жылдар бою эмгектенип келишкен ардагер журналисттердин көз караштары, өткөн мезгилдин жакшы жактарын ыңгайлуу пайдалануу боюнча ой-пикирлери ортого салынган.

Китепке кирген маектешүүлөр менен эсселердин башкы өзгөчөлүгү – маалыматтардын тактыгы жана баяндоо ыкмасынын артыкчылыгы. Бул баалуу эмгекте улуттук журналистиканын тарыхый, саясий-идеологиялык, моралдык-этикалык өзгөчөлүгү, өткөндүн өрнөктүү тажрыйбасын учурдагы журналистика менен айкалыштыруу тууралуу кенен-кесири кеп болгон. Тажрыйбалуу ардагер журналисттер Тилектеш Ишемкулов, Токтосун Самудинов, Тамара Жаманбаева, Эсенбай Нурушев, Абдыжапар Эгембердиев, Александр Тузов, Абдыкадыр Султанбаев, Бермет Маткеримова, Бурулкан Сарыгулова ж.б. советтик кыргыз журналистикасынын өрнөктүү жактарына токтолушуп, бул тармакты өркүндөтүү боюнча өздөрүнүн баалуу кеп-кеңештерин ортого салышкан. Китеп жатык тил менен маектешүү жанрын тандап алгандыгы менен утуш алган. Эгерде автор философиялык терминдерди көп колдонуп, өзүнүн жекече көз карашын көбүрөөк таңуулаганда, китептин идеялык көркөмдүк багытына көлөкө түшүрмөк.

Менимче бул китеп ар бир журналисттин столунун үстүндө болууга тийиш жана бул баалуу басылма кыргыз журналистикасынын тарыхына кызыккан илимпоздорду, басма сөз адистерин, жогорку окуу жайлардын журналистика факультеттеринин окутуучулары менен студенттерин кайдигер калтырбайт деп ойлойм.

Догдурбек ЮСУПОВ, ардагер журналист, КР журналисттер союзунун сыйлыгынын лауреаты.

Бөлүшүү

Комментарийлер