“ЖАШ МАНАСЧЫЛАР” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
- 21.02.2023
- 0
Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы балдар-музыкалык мектебинде өткөрүлгөн «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын «Жаш манасчылар» кароо-сынагынын райондук, шаардык турунун жыйынтыгы чыгарылып, облустук турга жолдомо алышты.
Жеңүүчүлөрдү атап кетсек, Талас шаары боюнча:
1-орун — N9 о.м. окуучусу Асанбеков Мыктыбек; 2-орун — N1 орто мектебинин окуучусу Нурканов Нурсултан; 3-орун — N5 орто мектебинин окуучусу Сейитказиева Акылай. Ал эми чет тилдерде «Манас» айтуу багыты боюнча жолдомого N2 орто мектебинин окуучусу Мухтаров Умар ээ болду.
Талас району боюнча:
1-орун — А.Султанбеков атындагы орто мектебинин окуучусу Абдыкадыров Бекболот; 2-орун — М.Туйтунов атындагы орто мектебинин окуучусу Алымбеков Алишер жана 3-орун — Р.Айдаралиев атындагы орто мектебинин окуучусу Мурат уулу Байдам. Ал эми чет тилдерде «Манас» айтуу багыты боюнча жолдомого М.Туйтунов атындагы орто мектебинин окуучусу Кушубакова Асема ээ болду.
— Бул таймашка катышуунун жана даярдануунун өзү талыкпаган эмгекти, күчтү талап кылат. Мында мугалимдердин да опол тоодой эмгеги бар. Андыктан топторду даярдап, жетектеп келген эже-агайларга терең ыраазычылык билдиребиз!
«Манас» эпосун даңазалоо, жайылтуу жана жаш муундардын аң-сезимин өстүрүү, патриоттук сезимин ойготуу, интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу багытында ат көтөргүс жүктү, оор милдетти аркалап, жогорудагы таймаштарды адилеттүү жана ийгиликтүү өткөрүп келе жаткан уюштуруучуларга, ошондой эле иш-чараны өткөрүүдө уюштуруу иштерине көмөк көрсөткөн Талас шаардык маданият бөлүмүнө да (Talasgorkult Talasgorkult ) терең ыраазычылык билдиребиз, — дейт Э.Байгараева.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер