ЖАШ КЕЛСЕ ИШКЕ…

  • 19.05.2023
  • 0

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында  «Жаш мугалимдер мектеби — кесипкөй адис болууга өбөлгө» — деген темада  областтык деңгээлдеги усулдук семинар өткөрүлдү.

ЖАШ КЕЛСЕ ИШКЕ...

Семинардын ачылышында жаш мугалимдер ырдашып, бийлешип, кыргыз, орус,  англис, түрк тилинде жалпы конокторго жакшы каалоолорун айтышты.
Семинарды  №1 мектеп-гимназиянын директору Тагаева Рахат Аралбековна ачып берди. Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиева кесипкөйлүккө умтулган жаш адистерди куттуктап, алыс-жакындан келген конокторго ыраазычылык билдирди.

ЖАШ КЕЛСЕ ИШКЕ...

Семинарга Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы Ч.А. Кимсанов, Кара-Көл шаарынын вице-мэри Г.О.Сатарова, областтык жаш мугалимдер мектебинин координатору  К.Д.Якубова, областтык билим берүү усулдук борборунун методикалык кабинетинин башчысы  Г.У. Ишатова, областтык Энелер мектебинин жетекчиси Ж.Чомонова жана  №1 Шопоков атындагы мектептин наасатчы мугалими Б.К.Мүсүралиев  катышып, семинардын ишине ийгилик каалады.
Андан соң жаштар мектебинин жетекчиси Мамаева Нуржамал Абдыразаковна сөз сүйлөдү.  Ал 2018- жылдан бери жаштар мектебин түзүп, жетектеп келгенин айтты. Семинардын ачылыш аземинен кийин, бардык конокторду жаш адистердин колдору менен жасалган көргөзмө залына баштап барышты. Жаңыча көз караш, жаңыча кабыл алуу, жаңыча ой жүгүртүү, жаңыча идеялар менен жасалган көргөзмө, экрандан көрсөтүлүп жаткан жаштар локомотиви бардык коноктордун купулуна толду. Керемет көргөзмөдөн кийин жаш адистер усулдук тажрыйбаларын жайылтуу максатында, күн мурунтан коноктор өздөрү тандап алган билеттер боюнча ачык сабактар өтүлүүчү класстарга жол башташты.

ЖАШ КЕЛСЕ ИШКЕ...

Аягында «Жаш мугалимдер мектеби- кесипкөй адис болууга өбөлгө» — аттуу усулдук презентациясы болду.
Төрт тилде эркин сүйлөгөн жаш мугалимдер, балдарга предметтик сабактарын өтүү менен гана чектелбестен, окуучуларды дүйнөлүк кең ааламга жол көрсөтүп, тил үйрөтүп, билген билимин жаңычыл усулдар менен жогорку чыгармачыл деңгээлде берүүгө аракет кылып жатышкан учур.
Азаматсыңар, жаштар!
Келечекте билимдин бийиктигин багынткан уул-кыздарды  өстүрүп, тарбиялап чыгышыңыздарга чын дилибизден тилектешбиз!

Тилек ОРОЗОВА, Кара-Көл шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер