ЖАШ АДИСТЕРГЕ КӨРҮЛГӨН КАМКОРДУК

  • 05.09.2025
  • 0

Быйылкы окуу жылында Кыргызстандын мектептеринде 1,5 миллиондон ашык бала билим ала баштады. Расмий маалыматтарга таянсак, жалпысынан алганда өлкө боюнча 2394 мектеп бар, анын ичинен 224 мектеп – жеке мектеп болуп эсептелет. Анда 93 миңден ашык мугалим эмгектенет. Быйыл педагогикалык жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен 1 222 бүтүрүүчүсү мектептерде педагогикалык ишмердүүлүгүн баштады.

Жаркынай Молдобаева быйыл Бишкек шаарындагы Кыргыз-Россия Билим берүү академиясынын педагогика бөлүмүн аяктаган жаш адис. Колуна диплом алганы турган болочок педагог борбор калаадан анча алыс эмес Васильевка айылындагы мектепке ишке кирип кубанып турган чагы. Мындай кубанычтуу сезимге кабылган жалгыз эле Жаркынай эмес. Аны менен бирге дагы 10 жаш адистин колуна турмушундагы эң алгачкы эмгек китепчеси тийди.

Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиевдин айтымында, жогоруда белгиленген Васильевка айылындагы мектепке төрт жаш адис кабыл алынды.

— Васильевка айылында ички миграциянын эсебинен балдар өтө көп болгондуктан, мугалимдер жетишсиз. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен мугалимдер жетишпеген Васильевка айылындагы мектепке төрт жаш адисти кабыл алдык. Жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүүдө жакшы жөрөлгөлөрдү ишке ашырып келаткан биздин райондун акимине, жалпы эле жетекчилигине терең ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Биздин районго жаңы ишке кирген 10 жаш адистин колуна эмгек китепчеси менен бирге 10 миң сом акча тапшырдык. Ушулардын баары аларга аз да болсо стимул болот деп ишенебиз.

Алар биздин өтүнүчүбүздү колдоп, ошол жердеги эски почтанын имаратын оңдоп-түзөп, суу, газ киргизип берди. Андан тышкары, төрт мугалимдин жол киресин, бир маал тамагын да камсыздап беришмекчи. Мындай колдоолордун натыйжасында биздин келечегибиз болгон балдарыбыздын билим сапаты жакшырып, өлкө башчыбыз жүргүзүп жаткан реформаны ишке ашырууга ар бирибиз өз салымыбызды кошо алабыз, — дейт М.Усеналиев.

Турмуш босогосун аттап жаткан жаш мугалимдер колуна эмгек китепчесин ушундай салтанаттуу түрдө алган күнү алардын жашоосундагы эң кубанычтуу жана эсте каларлык күн катары өмүр бою сакталып калары шексиз.

Быйылкы окуу жылында  жаңы мамлекеттик жана предметтик билим берүү стандарттары бекитилип, окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн окуу программалары иштелип чыгып, билим берүү толугу менен “Алтын Казык” программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өттү. Ага даярдык катары жайында он миңдеген педагогдор жаңы стандарттар жана окуу китептери боюнча тренинг жана курстардан өтүштү. Июль-август айларында эле 18 миңдей, ал эми жыл башынан бери 30 миңден ашуун мугалим окутулду.

Жаңы окуу жылында Кыргызстанда “Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасы менен иштеген 3 миңге жакын педагог башталгыч класстарга толук жүктөмдө сабак бере баштайт. Бул мугалимдерге болгон муктаждыкты жоюуга жана кадрларды мектепке чейинки билим берүүдөн башталгыч звеного которууга мүмкүндүк берет.

Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кундуз Абдраеванын айтымында, облус Бишкектеги Х.Карасаев, И.Арабаев жана Т.Эрматов атындагы институту менен келишим түздү.

— Биздин облуска жалпысынан алганда 300дөй адис жетишпейт. Негизинен табигый илимдерден жана орус тилдүү мектептерге орус тили предметинен мугалимдер жетишпейт. Жаш адистерди мектептерге жайгаштырууда жергиликтүү бийлик жетекчилери менен да жакындан иш алып баруудабыз. Алардын жардамы менен алыс аймактардагы мектептерге жаш адистерди жайгаштырууга аракеттенип жатабыз. Алсак, коммуналдык төлөмдөрүн камсыздоо, мүмкүн болсо жер тилкелерин же болбосо үйгө кезекке турууда жеңилдетилген жолдорун караштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат, — дейт Кундуз Мукашевна.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер