ЖАШ АДИСТЕР ИШ МЕНЕН ДА, ЖАТАКАНА МЕНЕН ДА КАМСЫЗ БОЛДУ
- 28.08.2025
- 0
Аламүдүн районунун Сыдыков айыл аймагындагы Васильевка №1 мектебине иштөөгө кабыл алынган жаш адистерди жергиликтүү бийлик үй-жай, тамак-аш, ал тургай жол кире менен да камсыздап беришет.
Жаркынай Молдобаева быйыл Бишкек шаарындагы Кыргыз-Россия Билим берүү академиясынын педагогика бөлүмүн аяктаган жаш адис. Колуна диплом алганы турган болочок педагог борбор калаадан анча алыс эмес Васильевка айылындагы мектепке ишке кирип кубанып турган чагы. Мындай кубанычтуу сезимге кабылган жалгыз эле Жаркынай эмес. Бүгүн аны менен бирге дагы 10 жаш адистин колуна Аламүдүн районунун аймагында өткөн жыйында турмушундагы эң алгачкы эмгек китепчеси тийди.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиевдин айтымында, жогоруда белгиленген Васильевка айылындагы мектепке кабыл алынган төрт жаш мугалимге жашоого жатаканадан атайын жай даярдап, салтанаттуу тосуп алышты.
— Жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүүдө жакшы жөрөлгөлөрдү ишке ашырып келаткан биздин райондун акимине, жалпы эле жетекчилигине терең ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Биздин районго жаңы ишке кирген 10 жаш адистин колуна эмгек китепчеси менен бирге 10 миң сом акча тапшырдык. Ушулардын баары аларга аз да болсо стимул болот деп ишенебиз.
Васильевка айылында ички миграциянын эсебинен балдар өтө көп болгондуктан, мугалимдер жетишсиз. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен мугалимдер жетишпеген Васильевка айылындагы мектепке төрт жаш адисти кабыл алдык. Алар биздин өтүнүчүбүздү колдоп, ошол жердеги эски почтанын имаратын оңдоп-түзөп, суу, газ киргизип берди. Андан тышкары, төрт мугалимдин жол киресин, бир маал тамагын да камсыздап беришмекчи. Мындай колдоолордун натыйжасында биздин келечегибиз болгон балдарыбыздын билим сапаты жакшырып, өлкө башчыбыз жүргүзүп жаткан реформаны ишке ашырууга ар бирибиз өз салымыбызды кошо алабыз, — дейт М.Усеналиев.
Турмуш босогосун аттап жаткан жаш мугалимдер колуна эмгек китепчесин ушундай салтанаттуу түрдө алган күнү алардын жашоосундагы эң кубанычтуу жана эсте каларлык күн катары өмүр бою сакталып калары шексиз.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер