ЖАРМАНКЕ: КМТУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН ДОЛБООРЛОРУ ИНФРАСТРУКТУРАНЫ ЖАКШЫРТУУГА САЛЫМ КОШОТ

  • 20.08.2024
  • 0

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери Майлуу-Суу шаарынын автобекетинин долбоорун иштеп чыгышты. Бул долбоор Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-орус жарманкесинде презентацияланды.

ЖАРМАНКЕ: КМТУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН ДОЛБООРЛОРУ ИНФРАСТРУКТУРАНЫ ЖАКШЫРТУУГА САЛЫМ КОШОТ

Университет жарманкеге бир канча долбоорлорду алып келген. Алардын бири архитектура адистигинде окуган студенттер иштеп чыккан Майлуу-Суу шаарынын автобекетинин долбоору. Студенттер бул долбоорду иштеп жатканда Майлуу-Суунун климаттык өзгөчөлүгүн эске алышкан. Бак-дарактар, эс алуучу жерлер, унаа токтотуучу жайлардын баардыгы эске алынган. Автобустарды дагы көлөкөдө токтотуу зарылдыгын эстен чыгарышкан эмес.

— Архитектура адистигинде окуган студенттер бир канча шаарлардын инфраструктурасына байланышкан долбоорлорду жасашат. Бул долбоор ошонун алкагында ишке ашырылды, — дейт университеттин илим боюнча проректору Арзыбаев Алмазбек.

Бөлүшүү

Комментарийлер