ЖАРМАНКЕ: АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ТАБЫЛГАЛАРЫ КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА
- 20.08.2024
- 0
Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-орус жарманкесине Кыргыз улуттук агрардык университетинин окумуштуулары агрономия жана ветеринария тармагында ойлоп тапкан эки долбоорду алып келди. Алардын бири жер-жемиштердин вируссуз инвитро көчөттөрү болсо, экинчиси, адамдардын жана жаныбарлардын ар кандай жугуштуу ооруларын аныктоочу топтомдор.
Университеттин окумуштуулары малина, картошка, помидор сыяктуу жер-жемиштердин вируссуз инвитро көчөттөрүн өндүрүшкөн. Булар атайын лабораторияда жабык чөйрөдө өстүрүлүп, оорулардын баарынан арылтылган. Түшүмдүүлүгү болсо башкалардан 30-40% чейин жогору. Учурда дыйкандарга жеткиликтүү баада сатылууда.
Экинчи долбоор — Кыргызстанда кездешүүчү адамдардын жана мал-жандыктардын жугуштуу ооруларын аныктай турган ПЦР топтомдор. Алардын бири коронавирустун ДНКсы менен РНКсын аныктоо үчүн ойлоп табылган үч түрлүү каражат. Учурда булар да сатыкта.
— Үчүнчүсү — өсүмдүктөргө өмүр берүүчү бардык микроэлементтер камтылган каражаттар. Азыр Кыргызстандын өсүмдүктөрүнө микроэлементтер жетишпей жалбырактары саргарып кеткен учурлар көп кездешүүдө. Бул каражаттар оорунун алдын алат жана өсүмдүктөргө өмүр берет.
Окумуштуулар бул бикроэлементтердин өсүмдүктөргө сиңимдүү болушу үчүн сууну жумшартып бере турган атайын каражатын да кошо ойлоп табышкан. Себеби Кыргызстандын суулары оорурак болгондуктан өсүмдүктөр аны толук кандуу сиңире албайт, — дейт университеттин биотехнология боюнча адиси Сакиев Майрамбек.
Андан сырткары университеттин окумуштуулары адамдардан жана жаныбарлардан бөлүнүп чыккан шилекей жана шилекейге кошогон суюктуктардан диагностика кылуучу каражаттын аналогун да иштеп чыккан.
Комментарийлер