ЖАРКЫН ЭЛЕСИҢ ДАЙЫМА  ЭСИБИЗДЕ КАЛАТ

  • 12.03.2024
  • 0

                                        

ЖАРКЫН ЭЛЕСИҢ ДАЙЫМА  ЭСИБИЗДЕ КАЛАТ

                                                     АСАНАЛИЕВА ГҮЛНАРА  КАРЫПБЕКОВНА

                                                                                (1962 – 2024)

Бишкек  шаарындагы №78   мектеп-гимназиясынын  директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, орус тили жана адабияты мугалими, “Кыргыз Республикасынын  Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси Асаналиева Гүлнара  Карыпбековна 2024-жылдын 6-мартында  62 жашында  оорудан кийин  мезгилсиз  дүйнөдөн кайтты.

Асаналиева Гүлнара  Карыпбековна   1962-жылы 29-октябрь айында Москва районундагы Беловодск айлында туулган. Мектепти аяктагандан кийин, 1981-1986-жылдары               Ленин ордендүү Воронеждеги  Ленин комсомолу атындагы  мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуп, орус тили жана  адабияты мугалими кесибине ээ болгон.

Алгачкы эмгек жолун 1986-жылы Москва районуна караштуу Предтеченск орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган.

1988-2004-жылдары Ысык-Ата районундагы Осмонкул Бөлөбалаев атындагы орто мектепте  өз кесибин уланткан. Аталган мектепте мугалимдик кесипти аркалап, ага улай профсоюз уюмунун төрайымы милдетин аткарып, кесиптештеринин, окуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

2004-жылдан тартып  ушул мезгилге чейин Бишкек шаарындагы №78 мектеп-гимназиясында  директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, орус тили жана адабияты мугалими  болуп  иштеп келген.

Гүлнара Карыпбековна, өз кесибин сүйгөн, мыкты инсан эле. Анын эмгеги жерде калган жок. Ал   “Кыргыз Республикасынын  Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин, Жогорку Кеңештин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаардык кеңештин, Билим берүү башкармалыгынын жана Биринчи май райондук Билим берүү борборунун Ардак грамоталарынын  ээси.

Г.Асаналиева эки кыздын энеси, бир неберенин сүйүктүү таенеси эле.

Эки  кызын татыктуу тарбиялап, жогорку билимдүү, кесип ээлери болууга жеткире алды.

Асаналиева Гүлнара Карыпбековна өз ишине жоопкерчиликтүү, адамгерчилиги жогору, курсташтарынын, кесиптештеринин сый-урматына ээ эле. Боорукердиги жана жогорку маданияттуулугу  менен  башкаларга үлгү боло алган  инсан болчу. Кесиптештеринен жардамын аябаган, ар дайым  позитивдүү, шайыр адам катары жамааттын эсинде  жаркын   элеси калды…

Курсташтары, мектептин администрациясы жана педагогикалык  жамааты, ата-энелер жана окуучулар  үй-бүлөсүнө  жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер