ЖАРКЫЛДАГАН ЖҮЗҮҢ ЖҮРӨКТӨ КАЛДЫ, НАРГИЗА!

  • 16.01.2018
  • 0

ЖАРКЫЛДАГАН ЖҮЗҮҢ ЖҮРӨКТӨ КАЛДЫ, НАРГИЗА!

Адам болуп жаралган соң, ар кандай сыноолорду баштан өткөрүп, оор жоготууларга дуушар болот экенсиң. Кандай сыноо болбосун, алтын баш аман болуп, бөөдө келген кырсыктан алыс бололу деген кеп бекеринен айтылбайт тура.

Туура бир жыл мурун 16-январда таң эртең менен Дача-Су айылына учак кулады деген суук кабар биздин үй-бүлөгө бүлүң салды. Анткени учак алдында калгандардын арасында менин бир тууганым, кичүү сиңдим Наргиза да бар болуп чыкты. Ал каргашалуу күнү сиңдим төрт айлык кызын кучактаган бойдон, өмүрлүк жолдошу жана дагы бир баласы менен бизди муңга салып кете берди. Эсимде, 15-январь түнү Бишкекти башкача бир сүрдүү туман каптаган. Көрсө, жакындап калган кырсыктан жаратылыш кабар берген тура. Ошол түн сиңдимдин акыркы түнү экенин билсем кана…

Наргиза 1984 — жылы 7-августта Балыкчы шаарында жарык дүйнөгө келген. Төрт бир-туугандын кичүүсү, ата-энесинин көкүрөк сүймөнчүгү эле. Эч нерседен бейкапар таттуу балалыгы он бир жашына чейин гана созулду, анткени ата-энесинен эрте айрылды. Ата-эне мээриминен эрте ажыраган баланын кайгы-капасы айттырбай түшүнүктүү эмеспи. Ошентсе да жайдары мүнөз, турмуштун ачуу-таттуусун таразалаган акыл-эстүү, сергек кыз болуп чоңойду. Көбүнчө апабыздын бир тууган сиңдиси Гүлжан таежебиздин колунда жүрүп,таалим-тарбия алды. Бишкектеги № 1 гимназияны ийгиликтүү бүтүрүп, Кыргыз улуттук университетиндеги Кыргыз-Америка факультетине караштуу компьютердик технология кесиптигине окууга өттү. Башынан зээндүү сиңдим, өз күчү менен жогорку окуу жайды да ийгиликтүү аяктады.

ЖАРКЫЛДАГАН ЖҮЗҮҢ ЖҮРӨКТӨ КАЛДЫ, НАРГИЗА!

Наргиза улуу эжеси Рита менен

Студент кезинде менин колумда жүрүп калган эле, ошол убакта дипломун жактаар алдында жарнама аркылуу жазуучу Нурийла Сарбагышова менен таанышып калат. Эжеге “Кыргыз макал-лакаптары” китепчесин орус жана кыргыз тилинде чыгарууга корректорлук жактан жардамдашып, ал жерден тапкан маянасын дипломдук иштерине жумшайт. Акыры жарык көргөн китепчени Нурийла эже ошондо саламын жолдоп берип жиберген экен, сиңдим алып келип, өзгөчө сүйүнүү, сыймыктануу менен мага тапшырды. Азыр сиңдим жөнүндө эскерүү жазып жатып, ошол китепчени бир четинен толкунданып, бир четинен арман кылып карап, көз-жашымды төгүп отурам. Бул Наргизамдын биринчи эмгеги, биринчи ийгилиги эмес беле. Корректор катары алынгандан кийин, сиңдим эжесинин үйүндө жумушка байланыштуу калып калган күндөрү да болду. Жазуучу Нурийла Сарбагышова ал мезгилди  мындайча эскерет:

ЖАРКЫЛДАГАН ЖҮЗҮҢ ЖҮРӨКТӨ КАЛДЫ, НАРГИЗА!

“Наргизаны биринчи келген күнү эле жактырдым. Маңдайы жарык, жаркылдаган, сылык мүнөз, өтө кичи-пейил кыз экен. Жолугаардын алдында өзүмчө төлгө кылган элем, эгер кечикпей келсе корректорлукка алам, анткени жоопкерчиликтүү болуп, ишин так аткарат дегем. Ойлогондой эле белгиленген убакта келди, ошентип чогуу иштешип калдык. Күн өткөн сайын анын аябай тыкан, жөндөмдүү, акыл-эстүү, билимдүү экенин баамдадым. Ишин так аткарып, өзүн үйдө аябай тартиптүү алып жүрдү. Турмушка чыгаардын алдында мен да ырым-жырымдар менен узаттым, ал ошого татыктуу, аябагандай бир башкача элпек кыз эле, биз үй-бүлөбүз менен жактырганбыз”, деп Нурийла эже сиңдим менен кош айтышкан күндөн тарта азыркыга чейин арман кылып айтып келет. Убагында Наргиза да чын дилинен ыраазы болуп, эжеге болгон сый-урматын бизге айтып түгөтө албай  калаар эле.

ЖАРКЫЛДАГАН ЖҮЗҮҢ ЖҮРӨКТӨ КАЛДЫ, НАРГИЗА!

Наргизанын ата-апасы Болотбек менен Батима

Ошентип, сиңдим күйөө-балабыз Азамат менен турмуш куруп, өз алдынча тиричилик кыла баштайт. Ал ортодо Султан, Актан аттуу эки уулдун апасы болот. Башында жолдошу экөө Бишкекте турушуп, катардагы жашайылмет жаштар сыяктуу эле, үй-булөлүк жашоо-тиричиликтин ар кандай күндөрүн баштан өткөрүшөт. Сиңдимди качан көрбөйүн, кабагым-кашым дебей, күлүп-жайнап, эки уулунун төрөлгөнүнө ыраазы, жолдошуна жөлөк-таяк болуп, алдыга көптөгөн максат коюп, турмушка оптимисттик көз-караш менен карап жашап келди. Ошондой күндөрдүн биринде Дача-Суга көчүп барышты…

“Манас” айылында сиңдимдин кайын-журту турат. Ата-эненин кеңеши менен жаштар Дача-Судан бир үйдү батирге алышып, туугандар жакын бололу деген ниетте убактылуу отурукташып калышат, анткени дачада күйөө-балабыздын бир тууган карындашы жашачу. Наргиза оокатка тың, өзү чыйрак болгондуктан, ал жердеги жашоого бат эле көнүп кетет. Короодогу жер-жемиш, жашылчадан күзүндө кышка даярдык көрүү менен ар-нерселерди жайнатып жаап, үйдө нан, тамактын түрүн жасап, баарына жетишчү. Кайын-журтуна да колунан баары келген, пейли кенен, улууну урматтап, кичүүнү ызаттаган, ыймандуу, ырыс-кешиктүү келин болуп оозго алынган. Азамат экөө кыска өмүрлөрүндө уруш-талашы жок, бир-бирин баалап, сыйлап өтүштү, экөө айрыкча баласаак да болушчу.

ЖАРКЫЛДАГАН ЖҮЗҮҢ ЖҮРӨКТӨ КАЛДЫ, НАРГИЗА!

Кичинекей Наргиза эжеси Наргиля менен

Ошол кезде “Кутбилим” гезитине корректор керек болуп, Наргизанын тажрыйбасы болгондуктан, редакцияга жумушка орношуп калат. Ал ортодо чуркап жүрүп эки уулун бала-бакчага дайындады. Жашаган жери алыс болуп, алган маянасы көбүнчө жол киреге кеткенине карабастан, чын дилден берилип иштеди. Жаны тынбаган байкушум таң эрте туруп, Дача-Судан балдарын шаардагы бала-бакчага жеткирип, анан жумушка келчү. Ошентсе да жумушка кечикпей, керек  болсо баарынан биринчи келип, жоопкерчиликтүү мамилеси, тыкандыгы жана кичи пейилдиги менен жамаатка бат эле жагып, тез арада көнүшүп кеткендигин кесиптештери бир ооздон айтып эскеришет. Кийинчерээк бир аз убакыт техникалык редактор да болуп иштеп калды, өзүнүн да кесиби ошого туура келчү, ошондуктан бат эле өздөштүрүп кетти.

Эки уулунан кийин кыздуу болсом деп самап жүрүп, авиакырсыкка чейин төрт ай мурун Раяна аттуу кыз төрөгөн. Ошондогу кубанычы азыркы күнгө чейин эсимде, сиңдимден өткөн бактылуу киши жок эле. Каргашалуу кырсык болгон күнү биринчи класста окуп жаткан улуу баласы Султанды мектепке узатып ийип, кызын колуна көтөргөн боюнча жаңы эле үйгө киргенде түбүң түшкүр учак кулайт, үйдө болсо ортоңку уулу Актан бейкапар уктап жаткан, жолдошунун короодо отун жарып жатканын кошуналары көрүшкөн. Ошентип бир үй-бүлөдө төрт адам учактын алдында калат…, кандай гана сөз жеткис күйүт, сөз жеткис арман…

Каралдым, бир боорум Наргизам, өйдө карап каяша айтпаган, өтө сылык, кичи-пейил, ыймандуу жан элең. Айла жок, өзүңөн айрылып, бир-туугандарың сыздап кала бердик. Кырсык каш-кабактын ортосунда экен, төртөөң бирдей бир көз ирмемде өмүр менен кош айтыштыңар. Жаткан жериңер жайлуу болуп, Жаратканым силерге бейишинен орун берсин. Өзүңдүн жаркылдаган элесиңди бир туугандарың эч качан унутпайт.

Азамат менен Наргизанын артында туяк болуп тун уулу Султан калды, мамасы мектепке узатканга үлгүрүп, тирүү калып отурат, ошого да каниет кылыш керек. Ал азыр чоң-апасынын колунда. “Манас” айылындагы мектеп-гимназияда эң алдыңкы окуучулардын бири. Өмүрү узун, келечекте ата-энесинин атын өчүрбөгөн, акыл-эстүү, ыймандуу, кыргыз эли сыймыктана турган инсан болуп чоңойсун деген тилегибиз ылайым ишке ашсын.

Рита ТЫНАЕВА,

авиакырсыкта курман болгон Жумакунова Наргизанын бир тууган эжеси

Авиакырсыкта каза болгондордун жакындарына жалпы редакциянын атынан кайрат айтабыз.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер