«ЖАРК ДЕП ЖАНГАН КОШ ЖЫЛДЫЗ»

  • 18.05.2023
  • 0

Кыргыздын атактуу акындары Жоомарт Бөкөнбаев менен Тенти Адышевага арналган ушундай аталыштагы поэзия кечеси 2023-жылы  17-майда Ишеналы Арабаев атындагы университетте болуп өттү. 

"ЖАРК ДЕП ЖАНГАН КОШ ЖЫЛДЫЗ"

Поэзия кечесин университеттин ректору, проф. м.а. А.Т.Абдраева ачып, эки акындын ырлары азыркы жаштарга түгөнбөс насаат,  түбөлүктүү багыт экенин белгиледи.
Поэзия кечесинде эки акындын басып өткөн жолуна, жарыяланган алгачкы эмгектерине арналган кызыктуу баяндамалар окулуп, «Талант сыры» даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Жаштардын мекенчилдик сезимин козгогон бул иш-чарага КРнын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Кыргыз Эл акыны Меңди Мамазаирова, Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тил секторунун башчысы Гүлнара Ибрагимова, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, эки акындын уулу Кулубек Бөкөнбаев, келини, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, профессор Ишенгүл Болжурова катышты.
Аталган эскерүү кечеде эл акыны Тенти Адышева менен Жоомарт Бөкөнбаевдин Ата Мекен, туулган жер, мезгил,  өмүр темасындагы ырлары окулду. Чыгып сүйлөгөндөр эли-жери үчүн ташка тамга баскандай из калтырып, тарых жараткан эки акындын адабиятка кошкон зор салымын белгилешти.

— Азыр ойлосом атам гений болуптур.
Биз ааламдын балдарыбыз. Ошону атам билген. «Кош, бол менин үңкүрүм!» деген.  Көрсө, Жер адам үчүн кичинекей жер кепе тура! Буга чейин далай кечелер болгон. Бул жолкусу бөтөнчө болду. Университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирем.— деди Кулубек Бөкөнбаев.

Ал эми даңктуу үй-бүлөнүн келини, легендарлуу мамлекеттик жана коомдук ишмер, профессор Ишенгүл Болжурова өз сөзүндө Эрнист Турсуновдун Жоомарт тууралуу айтканын эске салды.

— Эрнис Турсунов айткандай, бүгүн кыргызга Жоомарт керек. Каякка барбагыла, мен кыргызмын деп сыймыктанып жүргүлө! — деди Ишенгүл Садыковна жаштарга кайрылып.

Жаштарга тарбиялык таасири зор бул иш-чараны аталган окуу жайдын  Мамлекеттик тил жана маданият институту уюштурду.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер