ЖАРДАН АШЫП КЕТПЕЙЛИ

  • 03.09.2023
  • 0

(Мактоо маданияты жөнүндө)

Марк Тайрелл

ЖАРДАН АШЫП КЕТПЕЙЛИ

Эмне үчүн адамдарды мактоо дайыма эле жакшы боло бербейт? Ашыкча мактоо сизге канчалык кедергисин тийгизиши мүмкүн?

****

Мактоо өзү керемет, туурабы?

Кимдир-бирөө сизди мактаса, кубанып, көӊүлүӊүз көтөрүлөт. Бирок кимдир бирөөнү жок кылуунун эң оӊой жолу – ашыкча мактоо менен кошоматчылык кылуу дешет.

Кезинде сиз да мактоону жакшы көргөн чыгарсыз. Балким, сиз да «жөн эле өз ишиңизди аткарып жатам» деп ойлогон учурда же жөнөкөй эле бир нерсе кылганыңыз үчүн макташканда өзүӊүздү бир аз ыңгайсыз сезген чыгарсыз.

Бул ыңгайсыздык мактоонун кээ бир кызыктуу жактарын көрсөтүп турат. Мактоолор жолуӊузду тосуп коюшу мүмкүнбү?

Адегенде жакшы сөз адамды ийгиликке шыктандырарын айтып коюшум керек. Жакшы иштерди жасап жатса же кылган болсо, анда калыс баасын угушу керек. Ошондой эле жасаган иштери жөнүндө жалаӊ сынды жана жаман сөз эле уга бергенди эч ким жактырбайт. Дайыма сындай берүү басмырлоодой сезилиши мүмкүн. Эгер сиз эч качан жакшы пикир укпасаңыз, өзүңүзгө ишенбей калып, көңүлүңүз чөгүшү мүмкүн.

Бирок бардык нерселер сыяктуу эле, мунун да чени болушу керек. Изилдөөлөр ашыкча жана обу жок мактоо чындыгында адамдын өзүн-өзү сыйлоосуна зыян келтириши мүмкүн экенин көрсөтөт.

 

Мактоо жана өзүн-өзү сыйлоо

 

1980-90-жылдары пайда болгон «Өзүн-өзү сыйлоо кыймылы» мактоо жана колдоо өтө ашыкча болбошу керек деген жыйынтыкка келген. Азыраак мактоо жакшы болсо, “тонналаган” мактоо андан да жакшы болуп кетпейт, туурабы?

Теория боюнча, кадыр-барк сезимин жогорулатуу үчүн биз бири-бирибизге кандай мыкты экенибизди дайыма айтып турушубуз керек. Шыктандырып, колдогон сөздөрү биздин акылыбызга акыл кошот. Зыяндуу нерседен, мисалы, баңгизаттарды колдонуудан баш тартууга көндүрөт да, кыйла жакшы иштөөгө түрткү берет. Жакшы сөз бүткүл дүйнөдөгү өзүн-өзү сыйлоо сезимин өстүрүп, баарын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Бирок чени сакталбаган башка нерселер сыяктуу эле, ашыкча мактоо да зыяндуу болот. Ашыкча мактоо кишини жардан ашыра түртөт.

Мактоону тамак же дары деп элестетиңиз. Туура тамактанууну же керектүү дары-дармектерди эч ким жаман дебейт. Алар азыраак же чени менен болсо, албетте, жакшы. Бирок өтө ашыкча болсо, зыяны тиери анык.

Бардык нерсенин теңдеш өлчөмү болушу керек. Тамак-аш канчалык таза болсо да, ашыкчасы бизди кесел кылып коюшу мүмкүн. Баш ооруну баса турган бир таблетка башыңыздын ооруганын азайтышы мүмкүн, бирок жүз таблетка өзүӊүздү жүз эсе жакшы сездирбейт.

Көнүгүүдөн баштап аллергияга каршы таблеткаларга чейин бардык нерсенин чени болушу кажет.

Башкалар менен мамиле, анын ичинен, албетте, мактоо деле ошондой. Мактоонун чени канча болгону жакшы? Канчалык мактоо керек? Дайыма бирөөнү апырта мактай берсеӊиз, ал ошого көнүп калышы мүмкүн. Мактоо угуу кумарынын кесепети башка зыяндуу адаттардай эле чоӊ болот. Бул кумар сизди «оңдой алгыс», оор абалга алып келиши мүмкүн.

Чындыгында өтө көп мактоонун жаш балдар үчүн, соодада кардарлар үчүн, ооруканада бейтаптар үчүн, сиз үчүн да, мен үчүн да кайсы жаман жактары бар экенин толук түшүнө элекпиз.

 

Ашыкча мактоонун күтүлбөгөн кесепеттери

 

Биринчи жолу 1998-жылы Journal of Personality and Social Psychology журналында жарыяланган изилдөөдө балдар жөн гана «өзүнүн иштерин жасаганы» үчүн сыйлык алышкан. Мисалы, сүрөт тартуу, ойноо жана башка аракеттери үчүн. Бирок сыйлыктар берилбей калганда, балдардын бул иш-аракеттерге болгон кызыгуусу кескин жоголо баштаган.

Алар ички канааттанууга жасалган иш-аракеттен, өз кызыкчылыгы үчүн ырахат алып жасоодон – шарттуу сыйлыкка, башкалардын мактоосун угуу үчүн иш-аракет кылууга өткөн. Шарттуу сыйлык ички канааттанууну азайтат. Балдар иш-аракеттин өзүнөн эмес, чоң адамдын мактоосу сыяктуу сырткы таасирден канааттанууга көнө баштайт. Сырткы колдоо жок болсо, алар кызыгуусун жоготкон.

Ошентип, бир нерсе кылганыңыз үчүн мактоону күтүп калган абалга келесиз да, эгер сиз мактоону укпасаңыз, ал нерсени жасоонун кереги жоктой сезип каласыз.

Демек, мактоого көз каранды болуп калуу деген чоң коркунуч бар.

 

Өзгөчөлүктүн коркунучтары

 

Доктор Милтон Эриксон бейтаптардын өздөрү жасашы керек болгон нерселерди жасаганы үчүн мактабаш керек, мактоонун зыяны бар деп сактанчу.

Ал бейтапты сакайып жумушка киришкени же достору менен баарлашканы, же эл алдында сылык болгону үчүн ашыкча мактаса, алардын ошол иш-аракеттерин адаттан тыш, өзгөчө көрүнүштөй ойлоп каларын аныктаган. Чындыгында алар дени сак жашоо үчүн өздөрүнө керектүү, кадимки, күнүмдүк жана өзгөчө мактоого арзырлык эмес эле жүрүм-турум үлгүлөрүн өздөштүрүшү керек эле. Мисалы, мен зөөкүрлүк кылбаганым үчүн дайыма макташсын деп күтпөйм да.

Бул адамдардагы оң өзгөрүүлөрдү байкабай коюубуз керек дегенди билдирбейт, бирок ашыкча мактоонун зыяны тийиши мүмкүн. Себеби эгер биз баарын эле өзгөчө деп айта берсек, анда биз кадимки нерсе менен өзгөчө нерсени айырмалабай калабыз. Жогоруда мисал келтирилгендей, башкаларды кордобогонум үчүн дайыма мактай беришсе, мен үчүн бирөөнү кордоо «демейки» көрүнүш деген тыянакка туура келип калат!

Биз дени сак жүрүм-турум өзгөчө катары каралышын каалабайбыз.

Ошентип, төмөнкүдөй сөздөрдү айтуу болбойт:

«Баракелде! Керемет! Бул аптада досторуңуз менен кофе ичүүгө жетиштиңиз! Сиз абдан кайраттуусуз!”

Бул адаттан тышкары, таң калыштуу окуя болгондугун билдирет. Андан көрө мындай деп айтсак жакшы:

“Досторуңуз менен кофе ичүүгө бара баштаганыңызды уктум. Бөлмөңүздө дайыма камалып отурганга караганда, ушинткениңиз жакшы”.

Биз жакшы кадамды баалайбыз, бирок анын демейки, туура адат экендигин баса белгилеп, бир бөлмөдө камалып отура берүү жакшы эмес деген ойду бекемдейбиз. Кофе ичүү үчүн достор менен жолугушуу өтө мактай турган өзгөчө жагдай болбошу керек.

Улуу Британиянын кээ бир аймактарында билим берүү кызматына көмөк (EMA) долбоору иштейт, анын алкагында жаштарга сабакка катышканы үчүн жумасына 30 фунтка чейин төлөп берилет. Экзамендерди тапшырганы үчүн эмес. Жакшы окуганы үчүн эмес. Жөн гана сабакка келгени үчүн. Мындай көмөк 16 жаштан 19 жашка чейинки жаштардын билимин улантуусун жеңилдетүү үчүн көрсөтүлөт, бул мактоого татырлык социалдык максат.

Бирок көптөгөн коллеж мугалимдери EMA балдардын окуусуна кедергиси тиерин, алардын айрымдары сабакка келгенде эч нерсе үйрөнүүгө милдеттүү эместей сезишерин айтышты. Алар сабакка келгени үчүн эле «сыйлык» алышса, эмне үчүн алар дагы аракет кылуусу керек?

Акчабы же мактообу – ашыкчасы зарыл иштерди жасоо үчүн керектүү кызыгууну төмөндөтөт.

Жакшы эле ниет менен мактаганда деле, ашыкчасы өзүӊүзгө жана башка адамдарга зыяны тийиши мүмкүн.

 

Тескери натыйжалар

 

Өзүнө зыян келтирген, балким, бычак менен колун кескилеген же тамеки чеккен адамды элестетиңиз. Бул адам дайыма өзүнө зыян келтирет.

Эми ошол адам мактоонун таасири менен жаман адаттан арыла баштаса, бул, албетте, эң жакшы. Бирок эгер сиз ашыкча мактай берсениз, сөздүн баркы кетет, себеби ал мактоосуз деле өзүнө зыян келтирбеши керек да.

Ашыкча мактоо мындай дегенге барабар:

«Сиздин өзүңүзгө зыян келтирбей жүргөнүңүз – абдан оор, өзгөчө аракет, аны жасагандан көрө зыяндуу адатыӊызды таштабай эле жүрсөӊүз болмок…»

Тамеки тартпагандыгы үчүн кимдир-бирөөнү «азамат» же «өжөр» деп мактоо – бул үзгүлтүксүз күрөш жана өзүӊүзгө зыян келтирбөө үчүн эбегейсиз кайраттуулукту талап кылат дегенге барабар. Мен андан көрө мындай деп айткым келет:

«Абдан жакшы! Сиз тамекини таштадыңыз! Эми эч качан тартпай жүрүӊүз!”

Жакшы жүрүм-турумду карап көрөлү: “Сиз көп жакшы нерселерли жасай аласыз, мисалы, башкаларга жардам берген кандай сонун. Же бир өнөрдү үйрөнүңүз».

Эгер ушундай иштерди жасаганы үчүн мактасак, көбүрөөк адамдар ушундай иштер менен алектенүүгө кызыгат. Ушундай мактоо кыйла пайдалуу болмок.

Кимдир-бирөөнү ашыкча мактоо, чындыгында, келечекте анын бактылуу болушуна жол ачпайт, тескерисинче анын өзүнчө канагат алуу мүмкүнчүлүгүн азайтышы мүмкүн. Бул чоң катаччылык болмок. Жакшы иш-аракеттерди жана жакшы жүрүм-турумду өзгөчө деп баалоодон баш тартышыбыз керек.

Балдарды мектепке барганы, үй тапшырмасын үзгүлтүккө учуратпай убагында аткарып турганы үчүн мактоо туура эмес. Анткени биз «демейки» нерсени «эң жакшы» менен чаташтырып алабыз да, чыныгы ийгиликтин баркы болбой калат.

Кимдир бирөө жасаган же аракет кылган нерсесине ашыкча маани берип баса белгилесе, аларды «мактоого көз каранды» кылып коюшу мүмкүн. Ал эми мактоого көнүп калган адам чыныгы ийгиликке жетпей калат. Жакшы көрүнүштү ашыра мактоо да, кемчиликте өтө катуу сынга алуу да ийгиликке жеткирбей коюшу мүмкүн.

Психолог Кэрол Двек жана анын Колумбиядагы командасы тарабынан Нью-Йорктун 12 мектебиндеги окуучуларга мактоонун тийгизген таасирин аныктоо үчүн жүргүзүлгөн изилдөө кызык натыйжа берген. Алар «акылдуу» деп макталган балдар «татыктуу иштеген» деп макталган балдарга караганда жакшы окууга анча аракеттенбей калганын аныкташкан.

Окуучуларга сынакта жеңил дилбаян жаздырып, андан кийин кандай жазылганына карабай эле макташкан. Жарымы акылдуулугу үчүн, экинчи жарымы аракети үчүн макталды. Андан кийин аларга дагы эки тестти тандоо сунушталды. Биринчиси сынактагыга караганда кыйыныраак тапшырма, бирок аны аткарганда окуучуларга «көп нерсени үйрөнөсүӊөр» деп айтышты. Экинчи тапшырма жөнөкөй, мурункуга окшош эле сынак деп коюшту.

Биринчи тестте аракети үчүн макталган балдар оор сыноодон өтүүнү тандашкан. Акылдуулугу үчүн макталгандар көбүнчө жеңил тестти тандашкан.

Эмне үчүн?

Себеби окуучуларга демейки эле аракети үчүн апырта макталбай калуудан корккон окшойт.

Маселе ушунда: курулай мактоо акылдуу болууга караганда акылдуу көрүнүүгө кызыктырып коёт.

 

Кантип мактоо керек?

 

Баары бир жасаш керек болгон иштерди жасаганы үчүн адамдарды ашыкча мактабаңыз (же өзүңүз мактанбаӊыз). Албетте, мен уурулук кылбаганым жакшы, бирок бул менин кадимки жүрүм-турумум болушу керек. Андыктан кыраакы болуп, мактоого этият мамиле жасаӊыз. Качан макташ керектигин талдаӊыз, тандаңыз. Өзүңүзгө: «Мени (же башка бирөөнү) кадимки адамдык жүрүм-турум үчүн мактап жатышабы?» – деп суроо бериңиз.

Керектүү жүрүм-турумду өзгөчө, сейрек нерсе эмес дебей эле, анын демейки, зарыл иш экенине көңүл буруңуз.

Баардык жасаган иш-аракеттериңиз үчүн мактоону күтпөңүз жана ар дайым башкаларды мактай бербеңиз. Антпесеңиз мактоого көнүп алып, өз кызыкчылыгыңыз үчүн ийгиликке умтула албай каласыз. Эгер сиз дайыма мактабай, сейрек учурларда гана калыс баалап, мактасаңыз, таасири жакшы болот.

Мактап жатканда, адамдын колунан келген жана анын ыктыярындагы нерсеге (жеӊип өтө алгыдай кыйынчылыкка) көңүл буруңуз. «Сиз чаалыкпастан иштедиңиз!» десеӊиз, ийгиликке жетүүгө шыктандырасыз. Бирок кимдир бирөө кайсы бир ишти бүтүргөнү үчүн «укмуштай күчтүү, кайраттуу” деп мактасаӊыз, анын кандай салым жасаган жөнүндө эч кандай анык маалымат берилбейт.

Кантты аз жесеӊиз – таттуу, ашыкчасы — уу. Мактоонун да ашыкчасы ушундай.

Өз убагында жана чени менен мактоо адамды өсүшкө умтулууга, ийгиликке шыктандырат, бирок апыртма мактоо сизге да, башка эч кимге да жакшылык алып келбейт.

 

Которгон Дүйшөн Шаматов

Бөлүшүү

Комментарийлер