ЖАПАРОВ ЖАҢЫ БАШКЫ ПРОКУРОР ЗУЛУШЕВДИ ПРОКУРАТУРА ОРГАНДАРЫНЫН ЭМГЕК ЖАМААТЫНА ТААНЫШТЫРДЫ

  • 22.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, жаңы Башкы прокурор Курманкул Зулушевди көзөмөлдөөчү мекеменин эмгек жамаатына тааныштырды.

ЖАПАРОВ ЖАҢЫ БАШКЫ ПРОКУРОР ЗУЛУШЕВДИ ПРОКУРАТУРА ОРГАНДАРЫНЫН ЭМГЕК ЖАМААТЫНА ТААНЫШТЫРДЫ

Садыр Жапаров Курманкул Зулушевдин прокуратура жана сот системасында көп жылдап иштеп келген кесипкөйлүк тажрыйбасын белгиледи.

Президенттин м. а. анын топтогон тажрыйбасы жана билими прокуратура органдарына жүктөлгөн негизги милдеттерди аткарууга жардам берет, ал эми жеке түзүм жаңы жетекчиге ар тараптуу колдоо көрсөтөт деген ишенимин билдирди.

ЖАПАРОВ ЖАҢЫ БАШКЫ ПРОКУРОР ЗУЛУШЕВДИ ПРОКУРАТУРА ОРГАНДАРЫНЫН ЭМГЕК ЖАМААТЫНА ТААНЫШТЫРДЫ

Ал Прокуратура акыйкаттыкты жана мыйзамдуулукту орнотуудагы негизги орган экенин баса белгиледи.

«Акыйкаттык болбогон өлкөдө эч качан өнүгүү болбойт, андыктан сиз ушул маанилүү иште мамлекеттин таянычы болушуңуз керек. Мамлекеттин негиздери өзгөрүүсүз калууга тийиш», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров, Башкы прокуратуранын кызматкерлерине кайрылып жатып.

ЖАПАРОВ ЖАҢЫ БАШКЫ ПРОКУРОР ЗУЛУШЕВДИ ПРОКУРАТУРА ОРГАНДАРЫНЫН ЭМГЕК ЖАМААТЫНА ТААНЫШТЫРДЫ

Ал Курманкул Зулушевге аталган кызматта ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Башкы прокурор ага ишеним көрсөткөндүгү үчүн Президенттин милдетин аткаруучуга ыраазычылыгын билдирди жана ага берилген милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында Курманкул Зулушевдин талапкерлиги Башкы прокурор кызмат ордуна жактырылган.

ЖАПАРОВ ЖАҢЫ БАШКЫ ПРОКУРОР ЗУЛУШЕВДИ ПРОКУРАТУРА ОРГАНДАРЫНЫН ЭМГЕК ЖАМААТЫНА ТААНЫШТЫРДЫ

Кечээ Садыр Жапаров өзүнүн Жарлыгы менен аны Башкы прокурор кызматына дайындаган.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер