ЖАПАРОВ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКС-ПРЕЗИДЕНТИ С. ЖЭЭНБЕКОВ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЛЫККА КОЛ КОЙДУ

  • 16.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш. Жээнбеков жөнүндө Жарлыкка кол койду.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президентине мыйзам тарабынан каралган бардык ченемдер сакталат.
Аталган Жарлык кол коюлган учурдан тарта күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер