ЖАПАРОВ ДИПЛОМАТИЯЛЫК МИССИЯЛАРДЫН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН БАШЧЫЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 13.11.2020
  • 0

13-ноябрда, Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, ошондой эле Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен жолугушту.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өз сөзүндө дипломатиянын негизги маңызы элдер менен мамлекеттердин ортосунда «алтын көпүрөнү» куруу экендигин белгиледи.

ЖАПАРОВ ДИПЛОМАТИЯЛЫК МИССИЯЛАРДЫН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН БАШЧЫЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Садыр Жапаров Кыргызстан ар дайым чет элдик өнөктөштөрү менен, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдар менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Ал ошондой эле 5-октябрда Кыргызстанда болгон окуялар парламенттик шайлоонун адилетсиз өткөндүгүнүн натыйжасынан улам келип чыкканын айтты.

Президенттин милдетин аткаруучу белгилегендей, бүгүнку күндө өлкөдөгү кырдаал турукташып, саясий процесстер укуктук талаага кайтып келди.

ЖАПАРОВ ДИПЛОМАТИЯЛЫК МИССИЯЛАРДЫН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН БАШЧЫЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Садыр Жапаров азыркы учурда мамлекеттик органдардын алдында актуалдуу милдеттер — өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, инвесторлордун ишенимин кайтаруу жана мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо коюлгандыгына токтолду.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргыз Республикасы тышкы саясатын үзгүлтүксүз жүргүзүп, буга чейин жетишилген эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин алкагында бардык эл аралык милдеттенмелер так сактала тургандыгын белгиледи.

Ал тышкы саясаттын учурдагы артыкчылыктуу багыттарына өзгөчө басым жасоо менен Кыргызстан союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен кызматташуусун чыңдоону уланта берерине ишендирип, коронавирус пандемиясына каршы турууда Кыргызстанга колдоо көрсөткөн чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын айтты.

ЖАПАРОВ ДИПЛОМАТИЯЛЫК МИССИЯЛАРДЫН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН БАШЧЫЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Президенттин милдетин аткаруучу ошондой эле Кыргыз Республикасы ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, БУУ, ЕБ, КМШ, ТМКК сыяктуу жана башка негизги эл аралык түзүмдөр менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

Садыр Жапаров дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнө иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтып, Кыргыз Республикасынын эл аралык коомчулук менен ар тараптуу кызматташуусу мындан ары да бекемделе берет деген ишенимин билдирди.

Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер