ЖАПАРКУЛ ТАШИЕВ –СТАТС КАТЧЫЛАРДЫН РЕЙТИНГ БАШЫНДА

  • 04.04.2018
  • 0

Кыргызстандын мамлекеттик органдарындагы статс-катчылардын жылдык рейтингинде биринчи орунду  Жапаркул Ташиев ээледи. Бул жөнүндө Мамлекеттик кадр кызматынын билдирүүсү болду.

ЖАПАРКУЛ ТАШИЕВ –СТАТС КАТЧЫЛАРДЫН РЕЙТИНГ БАШЫНДА

Жапаркул Ташиев Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдакы статс-катчысы,  жыл башынан бери Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы болуп иштеп жатат.

Рейтинг 21 мамлекеттик  органында жүргүзүлгөн. Жапаркул Ташиев Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдакы статс-катчысы болуп иштеп тургандагы ишмердиги боюнча баарlыгы 98,9 баллга ээ болуп, биринчи орунга чыкты.

Рейтинг статс-катчылардын ишмердигине берилген кесиптик баанын, сурамжылоонун натыйжасындагы жамааттык жана коомдук баанын негизинде чыгарылган.

Он статс-катчы “эң жакшы” деген баага, сегизи “жакшы” деген баага татыктуу болгон, экөө “канааттандырарлык”, бирөө “канааттандырарлык эмес“ деген баа алган.

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Калысбек Алышбаевдин айтымында, “эң жакшы” деген баа алган статс-катчыларга класстык чен ыйгарылып, эмгек акысын көбөйтүү каралган.

Статс-катчынын кызматы мамлекеттик кызматтардын иерархиясында биринчи орун басардын кызматына барабар. (КС)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер