ЖАНЫШ КУЛМАНБЕТОВДУН «КЫРГЫЗ ТЕАТРЫ» АТТУУ КИТЕБИ ЖАРЫККА ЧЫКТЫ  

  • 17.04.2018
  • 0

16-апрелде Кыргыз улуттук илимдер академиясында белгилүү театр таануучу жана драматург Жаныш Кулмамбетовдун «Кыргыз театры» аттуу китебинин бет ачары болду.

«Кыргыз театры. Тарыхый-теориялык экскурс» аттуу китебинде автор кыргыздын эпикалык театрына аныктама берип, урунттуу учурларын саясий-идеологиялык контекстте карап, 1926-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейинки 100 жылга чамалаган тарых барактарын тартуулайт. Төрт бөлүмдөн турган изилдөө эпикалык театрдан тоталитардык жана эгемендик доорлорду баштан кечирген кыргыз театрынын тарыхын камтыйт.

КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев автордун театр айдыңындагы, котормочулуктагы эмгектерин баса белгилеп: «Жаныш Кулманбетов Кыргызстанда эле эмес, Орто Азиядагы театрлар чөйрөсүндө өзгөчө белгилүү адам. «Кыргыз театры» китеби ошол чыгармачыл багытты көздөй бет алган, көп жылдан бери эмгектенип келаткан ишинин жыйынтыгы. Андыктан, бул эмгекти коомчулукка жайылтууга салымыбызды кошолу, жардамдашалы, бул биздин негизги ниетибиз болду», — деген оюн билдирди.

Ал эми Жаныш Кулманбетов эмгегинин мазмуну тууралуу айтып жатып: «Китептин биринчи бөлүгүнө аристотелдик театр жаралганга чейин өзүнүн архаикалык касиетин сактап калган, улуттук-эпикалык же баяндоочу кыргыз театры кирди. Ал азыркы кезге чейин манасчылык театры катары жашап келет. Андан сырткары тоталитардык доордогу европалык театрдын жаралышы, театрдын басып өткөн 90 жылы 10 жылдан бөлүнүп жазылды. Ал эми акыркы бөлүгүнө соңку 25 жылдагы кыргыз театрынын тарыхы камтылды», — деп кошумчалады.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер