ЖАНГОРОЗ КАНИМЕТОВДУН 70 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

  • 30.03.2021
  • 0

Бүгүн, 30-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз академиялык опера жана балет театрында, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин доктору, профессор Жангороз Каниметовдун туулган күнүнө жана 70 жаш мааракесине арналган “Санариптик трансформация шарттарында билим берүү системасынын модернизациясы” аттуу эл аралык илимий – практикалык конференция өттү.

ЖАНГОРОЗ КАНИМЕТОВДУН 70 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

“Жангороз Каниметов агай менен замандаш болгонума абдан сүйүнөм. Агайдын жолун жолдоп, педагог, илимпоз болуп калышыма дагы чоң салымы бар. Көп нерсени үйрөнүп, жакшы жактарын алдым. Билим берүү жана илим министрлиги агайга окшогон чыгаан инсандарга таазим кылып, алардын таштап кеткен жолун улантабыз”, -деп билдирди билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, конференцияда сүйлөгөн сөзүндө.

ЖАНГОРОЗ КАНИМЕТОВДУН 70 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

Иш-чаранын жүрүшүндө “Билим берүү жана агартуу айдыңынын атактуу устаты”, “Жангороз Каниметов – кыргыз педагогикасынын демократиялуулук идеяларынын жайылтуучусу”, “Коомдук ишмер, педагог жана насаатчы – Жангороз Каниметов”, “Педагог, окумуштуу Жангороз Каниметовдун эмгектериндеги демократизация маселелери” ж.б. темаларда илимий баяндамалар жасалды.

ЖАНГОРОЗ КАНИМЕТОВДУН 70 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

Аталган конференция Билим берүү жана илим министрлиги, Жогорку окуу жайларынын ассоциациясы, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, “Ала-Тоо” эл аралык университети жана А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана тарабынан уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер