ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨ ӨЗ НУГУНДА ӨТҮП ЖАТАТ

  • 24.06.2020
  • 0

2020-жылдын 21-июнунан 25-июнуна чейин Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшырыш үчүн Жалпы республикалык тестирлөө өтүп жатат. Тестирлөөнү өткөрүү үчүн өлкөнүн ар бир районунда жайгашкан мектептердин алкагында 117 тест борбору уюштурулган. Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 абитуриент катталган. Тесттин жыйынтыктары 13-19-июль күндөрү белгилүү болот. Тестирлөө эки этап менен өтүүдө. Биринчи этап 21-22-июнда, экинчи этап 24-25-июнда өттү. Айтмакчы, ЖРТ 2002-жылдан бери өткөрүлүп келатат.

ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨ ӨЗ НУГУНДА ӨТҮП ЖАТАТ

Быйылкы тестирлөө коронавируска байланыштуу өзгөчөлөнүп өтүп жатат. Бардык тест борборлорунда санитардык-эпидемиологиялык талаптар так аткарылууда. 21-22-июнда жалпы республикалык тестирлөөнүн 1-этабы өттү. 21-июнда негизги тестти, 22-июнда предметтик тестти бүтүрүүчүлөр тапшырышты. Негизги тест үчүн 3 саат 35 мүнөт берилген. Маселен, математикага 60 суроо берилсе, 90 мүнөт; аналогиялар жана сүйлөмдөрдү толуктоого – 90 мүнөт жана эне тилдин практикалык грамматикасына – 30 суроого 35 мүнөт берилди. Ал эми предметтик тест боюнча алсак, гуманитардык предметтерге (тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, биология, англис тили) – 40 суроого 60 мүнөт, ошондой эле так илимдер боюнча предметтерге (математика, физика, химия) 40 суроого 80 мүнөт берилди.

ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨ ӨЗ НУГУНДА ӨТҮП ЖАТАТ

Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун кызматкери Чынара Батракееванын берген маалыматына таянсак, COVID-19 пандемиясынын шартында абитуриенттердин ден соолук коопсуздугун сактоо үчүн жана коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө максатында ЖРТны өткөрүү үчүн атайын каралган санитардык талаптар сакталып жатат.

— COVID-19 пандемиясынын шартында абитуриенттердин денсоолук коопсуздугун сактоо үчүн жана коронавирустук инфекциянын жайылышына бөгөт коюу максатында ЖРТ атайын каралган санитардык нормалардын сакталышы менен өтүп жатат. Негизги тестке киргизүү 21-24-июнда биринчи смена үчүн эртең мененки 7.15 жана экинчи смена үчүн 13.15 башталды. Абитуриенттер тестке кечикпей келиши керек деген талапты аткарып жатышат. Тестирлөөгө ар бир абитуриент өз паспортун, тестке кирүү талонун жана жакшы жазган кара же көк түстөгү калем алып келишүүдө. Албетте, милдеттүү түрдө бет кап кийип, жанына кошумча бир бет кап, антисептик кошо ала келишти.

Аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тест борборлорунун сыртындагы тартипти көзөмөлдөп, абитуриенттердин ортосундагы 1,5 метрлик аралыктын сакталышын, адамдардын топтолбошун, чоочун кишилердин тест борборуна кирбешин камсыздашты. Бет кап кийген абитуриенттер тест борборунун кире беришине бир нече катарга тизилип туруп, тест борборунун имаратына кирип жатканда медициналык кызматкерлер абитуриенттердин температурасын ченеп, колдорун дезинфекциялап турушту. Ден соолугуна байланыштуу абитуриенттин тестке кирбөө чечимин медициналык кызматкерлер кабыл алып жатышат. Азырынча андай катталган жок, — дейт Ч.Батракеева.

Абитуриенттин документтери текшерилип, дезинфекциялык килемчеден өтүп, тест борборуна кирип, борбордун ичинен администраторлор абитуриенттерди каттоо тизмелерден текшерип, тестти тапшырган тилдерге жараша аудиторияларга узатып киргизип турушту. Ар бир аудиторияларда колду дезинфекциялаш үчүн сантизайнерлер орнотулган. Аудиторияларда тыюу салынган нерселерди текшериш үчүн атайын абитуриенттер металлодетектор менен текшерилгенин да эске салабыз. Тыюу салынган нерселерге кандай болбосун электрондук каражаттар жана маалыматтык булактар кирет эмеспи.

— Аудиторияда абитуриенттер шахмат тартибинде, ортолорундагы 1,5 метр аралык болгондой болуп, администраторлор көрсөткөн жерлерге отурушту. Аралыкты сактоо үчүн отургучту жылдырбоо зарыл болчу. Тестке каттоого жетишпей калгандар үчүн ар бир тест борборунда 13.00-19.00 чейин кошумча каттоо жүргүзүлүп турду. Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 абитуриент катталган. Ар бир региондо жергиликтүү бийликтегилер бизге жакшы колдоо көрсөтүп жатканын белгилегим келет. Жүйөөлүү себептерден улам каттоодон өтпөй калгандар үчүн кошумча каттоо жүрөт жана Бишкек, Ош шаарларында 11-12-июлда кечки тестирлөө өткөрүлөт. Мектептин коопсуздук кызматкерлери дагы жардам берип жатышат. Ар бир тест борборлорунда эртеден кечке чейин турган мектеп директорлору бар. Учурдан пайдаланып аларга да ыраазычылык билдирем. Коронавирусту жуктуруп албайлы деп колдон келишинче алдын ала бөгөт коюу чараларын так аткарганга бардык аракеттерди көрдүк. Тест мурдагыдай эле нукта өтүп жатат. Бир гана кемчилик — коронавируска байланыштуу ар бир баланын температурасын текшерип, алардын колдорун сантизайнер менен дезинфекциялап, катышуучулардын тизмесин алып ж.б.у.с. иш-чаралар жүргүзгөндөн кийин киргизүү убактысы созулуп кетти. Убагынан кичине кечирээк башталган учурлар катталды. Бул чоң аудиториялардын толтурулушуна жараша да болду, — дейт Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун кызматкери.

ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨ ӨЗ НУГУНДА ӨТҮП ЖАТАТ

Учурда Кыргызстан боюнча 58 миң 730 бүтүрүүчү бар, алардын ичинен 41 миң 727 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катталды.

Айтмакчы, ЖРТга чейин Билим берүү жана илим министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн төмөндөгү онлайн-ресурстарды сунуштаган болчу. Аны дагы бир жолу эске салып кетели. Анткени каттоого үлгүрбөй калгандар кайрадан каттоодон өтүп, белгиленген күндө тестирлөөгө катыша алышат.

ЖРТга даярдануу боюнча кыргыз жана орус тилиндеги колдонмо. Ал ЖРТга катышуу үчүн каттоодон өткөн ар бир абитуриентке берилди жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтынын (www.testing.kg) «Жалпы республикалык тестирлөө» бөлүмүндө жайгашкан: http://www.testing.kg/ru/ort-test/besplatnye-broshjury-2016- goda-po-podgotovke-k-ort.html

Негизги тесттин бардык бөлүмдөрү жана предметтик тесттердин баарын камтыган кыргыз жана орус тилдериндеги ЖРТга даярдануу боюнча видеосабактар. Ал Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун сайтында (http://www.testing.kg/ru/v-pomosch-abiturientu/videouroki-po-podgotovke-k-ort..html) жана ютуб каналында жайгыштырылган: https://www.youtube.com/channel/UCOAmPCmMuZdKbSL1NP9YKOQ/videos?disable_polymer=1/videos?disable_polymer=1.

ЖРТнын негизги тести боюнча 2019-жылы даярдалган жаңы кыргыз тилиндеги видеосабактар. Ал Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун сайтында (www.testing.kg), Илим-Элим онлайн билим берүү платформасында жана ББОУБнун ютуб каналында жайгашкан: https://www.youtube.com/channel/UCOAmPCmMuZdKbSL1NP9YKOQ/videos?disable_polymer=1./videos?disable_polymer=1.

Кыргыз жана орус тилдериндеги (негизги жана предметтик тесттер) акысыз онлайн (2 вариантта) сынак тест. Шилтеме: http://testing.kg/ort/.

Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун Фейсбуктагы (https://www.facebook.com/testing.kg/) жана Инстаграмдагы (https://www.instagram.com/ort_ceatm_official/) баракчаларында ЖРТ тууралуу маалымат, негизги жана предметтик тесттерди тапшыруу боюнча кеңештер бар.

«Кут билим» гезитинде жарыяланган ЖРТнын тапшырмаларынын мисалдары бул шилтемеде: http://www.testing.kg/ru/ort-test/primery-zadanij-obscherespublikanskogo-testirovanija.html.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу ЖРТнын жыйынтыгы менен онлайн форматта бирдиктүү система аркылуу жүрөт.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер