БАРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ ИШТЕГЕН КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ САКТАЛАТ

  • 23.04.2020
  • 0

Аралыктан окутуу маалында Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлердин эмгек акысы сакталат жана төлөнүп берилет. Административдик, техникалык жана кенже персоналдар да маянасын колуна алат.

«Өзгөчө абал жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 22-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары өзгөчө абал шартында анык бир жагдайларга карап ар кандай өзгөчө чараларды колдоно алат, анын ичинде ишканалардын, мекеме-уюмдардын өзгөчө иштөө тартибин аныктайт.

Жогоруда белгиленген беренеге ылайык жана COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында 8-апрелден тарта билим берүү уюмдары аралыктан окутууга өткөрүлдү. Демек, педагогдук курам аралыктан өз милдетин аткарууда. Бирок билим берүү уюмдарында алардан сырткары административдик, техникалык жана кенже кызматкерлер да иштейт. Кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн айлык-акы жалгыз киреше булагы болгондуктан, маянасы сакталат.

Эске салсак, аралыктан окутуу башталганга чейин (16-апрель — 8-апрель) билим берүү уюмдары шартка жараша узартылган каникулга чыгарылган. Тармактагы кызматкерлердин айлыгы анда да толук сакталган.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер