ЖАЛАЛ-АБАДДА МЕКТЕПТИН 700 ОРУНДУУ КОШУМЧА ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

  • 01.09.2025
  • 0

Билим күнүнө жана жаңы окуу жылынын башталышына карата Жалал-Абад шаарындагы №14 Сатыбалды Давлетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 700 орундуу кошумча имараты ачылды.

ЖАЛАЛ-АБАДДА МЕКТЕПТИН 700 ОРУНДУУ КОШУМЧА ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

 

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, ошондой эле шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышты.

Маалыматка таянсак, салтанатта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы окуу жылынын башталышы менен мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди куттуктады. Ал ошондой эле өлкөнүн билим берүү тармагында көрүлүп жаткан иштерге токтолуп, эскилиги жеткен мектептерди жаңылоо боюнча тийиштүү иш-аракеттер улантыларын белгиледи.

1-сентябрда Жалал-Абад облусунун аймагындагы 485 мектепте билим күнү белгиленди. 2025–2026-окуу жылына карата 16 мектептин жаңы имараты, 4 мектептин кошумча имараты, 2 спорт зал жана 1 мектептин актовый залы пайдаланууга берилди.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер