ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫН МАНАС ДЕП АТОО ДЕМИЛГЕСИ КОЛДОО ТАБУУДА
- 09.09.2025
- 0
Жогорку Кеңештин комитети Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үч окууда жактырылды.
Жыйында баяндама жасаган Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев белгилегендей, мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, тарыхый инсан, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан сактаган айкөл Манас атанын атын Жалал-Абад шаарына ыйгарууга багытталган.
(Б К)
Бөлүшүү
Комментарийлер