ЖАКШЫ ОКУГАН ОКУУЧУЛАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕРИНЕ СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ
- 24.01.2018
- 0
Сокулук районундагы Давха-Сокулук орто мектебинин жакшы окуган окуучуларынын ата-энелерине акчалай сыйлык берилди.
«Борбордо “Баланын тарбиясы – бул кызматташтык” аталыштагы ата-энелердин чогулушу болду. Чогулушту борбордун башкы директору устаз Мухамед Айде жана директордун орун басары Улан Асанов ачып берип, ата-энелерге өздөрүнүн жакшы каалоо-тилектерин билдирип, балдардын ар тараптуу өсүп-өнүгүшү үчүн мектеп, борбор менен дайыма байланышта болууга чакырды.
Андан соң балдардын окуудагы эң жакшы жетишкендиктери жана адептүү тарбиясы үчүн Мухамед Айде өзүнүн жана жалпы жамааттын атынан ата-энелерге ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Бөлүшүү
Комментарийлер