“ЖАҢЫРГАН БИЛИМ – ЖАРАТМАН МУУН”
- 18.08.2025
- 0
Ош шаарында өтүп жаткан Август педагогикалык кеңешмесинде секциялык иштер бүгүн түштөн кийин ар кандай темада өтөт.

Форумдун көңүл чордонунда Кыргызстандын билим берүүсүн өнүктүрүүнүн негизги багыттары. Баарынан мурда, бул – 12 жылдык окутууга өтүү. Ушул окуу жылынан тартып эле 1-, 2-, 5-, 7-класстар жаңы стандарттар боюнча иштей башташат, ал эми педагогдор квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүшөт. Мектептер акырындык менен жаңы окуу китептерине, электрондук ресурстарга жана окутуунун заманбап методдоруна өтөт.
Мектепке чейинки билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жаңы окуу жылынан тартып бала бакчалар 1 жаштан 5 жашка чейинки балдарды камтыган жаңыланган программалар менен иштей баштайт. Педагогдордун милдети – балдарды социалдаштыруу, негизги окуу көндүмдөрүн калыптандыруу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү. 2030-жылга карата бүткүл өлкө боюнча балдардын кеминде 80% мектепке чейинки билим берүү менен камтууга жетишүү пландалууда.
Дагы бир маанилүү блок – кошумча билим берүү. Форумдун катышуучулары ийримдер, секциялар жана долбоорлор балдарга когнитивдик көндүмдөрүн өрчүтүүгө, социалдашууга жана өз таланттарын табууга кантип жардам берерин талкуулашат. Ошондой эле тарбия ишине, ата-энелер менен өз ара аракеттенүүгө жана коопсуз мектеп чөйрөсүн түзүүгө көп көңүл бурулууда.
Форумдун дагы бир багыты – кесиптик лицейлерди трансформациялоо. Бүгүнкү күндө экономиканын өнүгүүсү, айрыкча энергетика, туризм, айыл чарба жана IT сыяктуу тармактарда кадрларды даярдоонун сапатынан түздөн-түз көз каранды. Кеп окутуунун түзүмүн жана мазмунун модернизациялоо жөнүндө гана эмес, ийкемдүү билим берүү траекторияларын киргизүү, иш берүүчүлөр менен кызматташуу жана бүтүрүүчүлөргө жарым кесиптик деңгээлдеги сертификаттарды берүү жөнүндө да болуп жатат. Бул бүтүрүүчү аттестат менен катар кошумча көндүмдөрдү жана тастыкталган сертификатты (мисалы, башталгыч деңгээлдеги бухгалтер, ашпозчу, чачтарач, фермер же IT адис) ала алат дегенди билдирет. Мындай ыкма жаштарга эмгек рыногунда тезирээк ыңгайлашууга жана келечектеги кесибин аныктоого мүмкүндүк берет.
Педагогдорду даярдоо маселеси өзүнчө талкууланат. 12 жылдык билим берүүгө ийгиликтүү өтүү үчүн өлкөгө жаңы формациядагы мугалимдер керек. Алар – заманбап окутуу стандарттарын жана технологияларын билген, электрондук окуу китептери менен кантип иштөө керектигин түшүнгөн, окутуунун натыйжалуу ыкмаларын жана санариптик шаймандарды колдоно алган адистер. Кыргызстандын ЖОЖдору учурдун талабына жооп берген ушундай педагогдорду даярдоо милдетин өзүнө алышы керек.
Форумдун жыйынтыгы боюнча 19-августта жакынкы жылдарга Кыргызстандын билим берүүсүн өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктай турган Резолюция кабыл алынат.
“Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” август педагогикалык форуму – жөн гана кесиптик жолугушуу эмес, ар бир бала заманбап жана сапаттуу билим алууга жетүүсү, ал эми мугалимдерди кесиптик жактан даярдоо жана кайра даярдоо системасы учурдун чакырыктарына жана эмгек рыногунун суроо-талаптарына жооп бериши үчүн мамлекеттин, коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракеттери бириккен мейкиндик.
“Мектепке чейинки билим берүүдөн 12 жылдык билим берүү системасына үзгүлтүксүз өтүүнү камсыздоо: стандарттар, көндүмдөр жана инновациялык ыкмалар”, “Жаңырган билим – жаратман муун”, “Заманбап мектеп китепканасы: билим, окуу жана санариптик компетенциялар мейкиндиги”, “12 жылдык билим берүүгө өтүүнү ишке ашырууда кошумча билим берүү уюмдарынын ролу жана катышуусу” ж.б. темалардын алкагында секциялык иштер башталат.
Негизгиси учурдагы абалды, көйгөйлөрдү, тажрыйбаны талкуулоо жана башталгыч кесиптик билим берүү деңгээлинде мындан аркы аракеттер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу каралган.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер